«78 кыймылсыз мүлк». Депутат Кубанычбек Жумалиев «коррупцияга» шектелип кармалды

Сүрөт: «Акипресс» басылмасы

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев «коррупцияга» шектелип кармалды. Ошондой эле, Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Жумалиев Эл аралык медициналык университеттин ишмердүүлүгүнө лицензияны мыйзамсыз алгандыгы аныкталган. Мындан сырткары, аталган окуу жайдын ээси экендиги белгилүү болгон. Ага атайын кызмат 4-февралда «коррупцияга» шектелип аткандыгы жөнүндө билдирүү жөнөткөн.

«Лицензиялык комиссия белгиленген мыйзамдык талаптарга жооп бербегендиктен, алгач Эл аралык медициналык университетине лицензия берүүдөн баш тарткан. Бирок министрликтин жетекчилигине Жумалиевдин таасири алдында, комиссиянын аталган корутундусу оң жагына өзгөртүлүп, Эл аралык медициналык университетине лицензия берилген», — деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.

Ошондой эле, Жумалиев «мыйзамсыз баюуга» да шектелип жатат. УКМКнын маалыматында Жумалиевге байланыштуу адамдар кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдаганы, салык төлөөдөн баш тартып, мыйзамсыз байыганы боюнча фактылар аныкталганы белгиленген.

Учурда депутатка караштуу 78 кыймылсыз мүлк, ар кандай компаниялар, «Таатан», «ГОИН» соода борборлору [кийинчерек аталган борборлор башка туугандарына өткөн — ред.], билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, темир жана болот завод, телерадиокомпания бар экендиги аныкталды.

Буга чейин финпол Жумалиевге жана уулдарына карата ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Буга «М.Г.БВ» чет өлкөлүк компаниясынын жетекчиси деп саналган «Б.Ф.» аттуу немец инвесторунун арызы себеп болгон.

Жумалиев менен Жапыкеевдин тиреши

2020-жылдын май айында өзүн прокуратуранын мурдагы кызматкеримин деп тааныштырган Сыймык Жапыкеев, парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев коррупциялык иштерге аралашкан жана анын мүлкүн тартып алыш керек деп билдирген.

Анын айтуусу боюнча, Жумалиев 2,5 млрд долларга ээлик кылат, ошондой эле анын менчигинде фабрикалар, клиникалар, жүздөн ашуун батир жана хан сарайлар бар. Мындан тышкары Жапыкеев Жумалиев мүлкүн күмөндүү жол менен тапкан деп айтып, аны текшерүүнү талап кылган.

«Келгиле, баарыбыз чогулуп, алардын үйүнө баралы. Мисалы, 10 миң адам Жумалиевдин үйүнө барып, андан биздин Кытайга карата тышкы карызыбызды төлөп берүүсүн талап кылсын. Жаныбызга нотариусту алып алабыз, ал депутаттын распискасын күбөлөндүрүп берет», — деп жазган Жапыкеев.

Кийинчерээк ИИМ Жумалиевдин арызы боюнча Жапыкеевдин айткандарынан зомбулукка жана массалык акцияларга чакырыкты тапкан. Ал эми Жумалиев Куран кармап, коррупциялык иштерге аралашпаганын билдирген. Жумалиев ар убактарда премьер-министр, транспорт жана жолдор министри кызматтарын аркалап келген.

Ал учурда «Чоң Казат» кыймылынын мүчөлөрү соцтармактарындагы барактарында парламентарийдин болжолдуу мүлкү жөнүндө маалыматты жарыялашкан. Мындан тышкары, «Экономист» басылмасы да Жумалиев жана анын жубайына таандык болгон 50 фирма тууралуу маалымат чыгарган. Андан кийин эле финпол парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшерүү боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Финполдун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Башкы прокуратура ишти Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» жана «Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу» беренелери менен КЖБРге каттоого алган. Ошондой эле, финпол Жумалиевдин үйүн тинтүүгө алган.

Кубанычбек Жумалиев «Чоң Казат» кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасановду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып, ИИМге арыз менен кайрылган. Депутаттын адвокаты арыз «Канат Хасанов депутат Кубанычбек Жумабековду оор кылмыш кылды деп ачык айыптаганына байланыштуу» берилгенин жазган.

Ага карабай, сот Жумалиевдин үйүндөгү тинтүү иштерин мыйзамсыз деп таап, ЭКККМКнын кызматкерлерине карата жеке аныктама чыгарып берген. Кийин тинтигүүгө уруксат берген ЭКККМКнын тергөөчүсү Наргиза Артышова иштен четтетилген.

2020-жылы августта сот парламентарийдин Жапыкеевге карата койгон доосун жарым-жартылай канааттандырган. 6-августта Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жапыкеевдин депутаттын дарегине айткан сөздөрү чындыкка дал келбей тургандыгын тааныган.

Сот ошондой эле активистти 10 миң сом төлөп берүү чечимин чыгарган, ал эми депутат Жумалиев 10 млн сом өлчөмүндө доо койгон эле. Мындан тышкары, судья Жапыкеевди фейсбук барагында өз сөздөрүн төгүндөөгө милдеттендирген.

Бирок көп өтпөй Кыргызстанда октябрь окуялары башталып, өлкөдө бийлик алмашкан. Садыр Жапаров премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда кадрдык өзгөртүү жүргүзүп, 17-октябрда Сыймык Жапыкеев финполдун башчысы болуп дайындалган.

20-октябрда финполиция «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевге Башкы прокуратура каттоого алган мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринен улам Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгууга тыюу салынды деген билдирүү тараткан.

4-октябрда финполициянын кызматкерлери депутат Кубанычбек Жумалиевге таандык «Гоин» жана «Таатан» соода борборлорунда, анын ичинде Эл аралык маалыматтык технологиялар университетинде тинтүү жүргүзүшкөн.

Эл өкүлү Жапыкеев тарабынан кызмат абалынан пайдаланып тинтүү жүргүзүүнү мыйзамсыз деп атап, мыйзам чегинде экинчи жолу дагы, бул ирет өз билемдиги үчүн укук коргоо органдарына арыз жазарын билдирген.

Кийин Жумалиевге өзүн финполдун кызматкеримин деп тааныштарган 24 жаштагы жигит кайрылып, кылмыш ишин жаап берүү үчүн 20 миң доллар опузалаган. Финпол опузалаган адамдын ведомствого тиешеси жок экенин билдирген. Көп өтпөй Жапыкеев, Жумалиев ага 1 млн доллар сунуштаганын айткан. Ал эми депутаттын адвокаты Бактыбек Жумашев финполдун башчысынын сөзүн жалган маалымат таратуу деп сыпаттаган.