Акыркы суткада коронавирустун жаңы 221 учуру катталды, алты бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 19-апрелде коронавирустун жаңы 221 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 158, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 54.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 152;

Чүй облусунда — 22;

Ош шаарында — 4;

Ош облусунда — 2;

Ысык-Көл облусунда — 18;

Жалал-Абад облусунда — 2;

Нарын облусунда — 12.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 92 095ке жетти. 

Ал эми акыркы суткада 149 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 101, Чүй облусунда — 34, Ош шаарында — үч, Жалал-Абад облусунда — тогуз, Нарын облусунда — эки бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 87 056 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1246 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 311 киши оор, 53 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 270 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3069.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — эки, Чүй облусунда — төрт COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 555 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарында эмгектенген эки медик коронавируска чалдыкты. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 356га жетти, анын ичинен 4 272 медкызматкер илдеттен айыкты.