КТРКда президент Садыр Жапаров менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун дабасы катары сунуштаган уу коргошун жөнүндө сюжет көрсөтүлдү.
Сюжетте табып Хашим Зайналиев бул өсүмдүк боюнча эксперт катары сөз сүйлөгөн. Зайналиев 2016-жылы рак илдетине чалдыккан аялдын эмчегин наркозсуз кесип салууга аракет кылган — бейтап анын клиникасында көз жумган. Ал шприц аркылуу аялдардын жыныс органдарына белгисиз суюктукту куяры да белгилүү болгон. Зайналиевдин онкологиялык ооруларды дарылоо ыкмасын медиктер кескин сынга алышкан. Анткени ага кайрылган бейтаптар абалы өтө оорлошуп кеткенде кайрадан расмий ооруканалардагы медиктерге кайрылышат.
«КТРКнын бул кылыгына апкаарып калдым. Силердин эс-акылыңар жайындабы, эмнени көрсөтүп, кимдин пикирин сурап жатасыңар?!» — деп, жазды Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү жана биринчи Балдар хосписинин директору Ольга Труханова фейсбук барагына.
«Улуттук мамлекеттик каналда 11 мүнөттүк сюжетте уу коргошун жөнүндө баяндап, аны бардык ооруларга, керек болсо бронхитке да даба деп мактап жатышат. Бүт ооруларга. Кайдагы бир эмчи эжени көрсөтүштү, ал 15 жылдан бери уу коргошун менен элдин баарын дарылайт экен. Андан кийин адистер менен кеңешүү керек деп туруп, Хашим Зайналиевди көрсөтүштү. Ооба, баягы эле Зайналиев, анын ишмердиги толугу менен мыйзамсыз. [...] Ай, силердин акыл-эсиңер ордундабы? Мээңер иштейби? Мыйзамсыз дарылоо ишмердигинин пропагандасы жана жарнамасы мыйзам боюнча жазаланат. Эми, жазаланышы керек, негизи», — деп нааразы болду «Апрель» телеканалынын журналисти Юлия Кулешова.
Кулешова Зайналиев жөнүндө бир топ сюжеттерди даярдаган. Зайналиевге расмий түрдө медициналык практика кылууга тыюу салынган — Кулешова болсо, тыюуга карабастан Зайналиевдин клиникасы дагы деле бейтаптарды кабыл алып жатканын далилдеген.
Зайналиев деген ким?
Этият болгула, бул адамдын медициналык лицензиясы жана тийиштүү билими жок, ал мыйзам боюнча медтажрыйба жүргүзө албайт, анын кеңештерин аткаруу ден-соолугуңузга кооптуу болушу мүмкүн.
Зайналиевдин клиникасы жана анын дарылоосу жардам берди деген колдоочулары бар. Бирок ал медкызматкер эмес, медициналык билими жок, ал эми ага адамдарды дарылоого мыйзам тыюу салат. 2019-жылы апрелде сот табып Хашим Зайналиевге бейтаптарды дарылоого тыюу салган. Сот аны 100 миң сом штраф төлөп берүүгө да милдеттендирген эле.
Сот чечими чыккан соң бир аптадан кийин ЖМКларда Зайналиев үй-бүлөсү менен Оманга кеткени тууралуу маалымдалган. Ал жакта ага дарыгерлик кылууга уруксат берилгени айтылган.
Хашим Зайналиев Кыргызстанда ишин токтоткону тууралуу 2017-жылы да билдирип, ишин Жакынкы Чыгышка барып улантаарын айткан болчу, бирок көп өтпөй эле журналисттер ал клиникасында бейтаптарды кабыл алууну улантып жатканын аныкташкан.
Зайналиев 2016-жылы рак илдети менен жабыркаган бейтабынын эмчегин наркозсуз алып салууга аракет кылып, аял кайтыш болуп калган. Бул окуядан кийин Саламаттык сактоо министрлиги менен ИИМ табыптын клиникасын жабууга аракет кылы, бирок майнап чыккан эмес. Ал эми Зайналиев өзү аны бейтаптарды дарылоодон «Аллахтан башка эч ким токтото албайт» деп билдирген.
Кийинчерээк табып кан рагы менен ооруган кызды айыктырууга кепилдик берип «дарылаган» учур чуу жараткан. Бирок кыздын абалы жакшырбай эле начарлап кеткендиктен, ата-энеси кызын онкологдорго алып барышкан.
Табыптын клиникасын 2016-жылы эле жабууну убадалашкан. Бирок Зайналиевди ошол бойдон кармай алышкан эмес, анткени ага ишенген адамдар милициянын аракетине тоскоолдук жараткан. Саламаттык сактоо министрлиги да, ИИМ да анын медтажрыйбасына таасир эте алган эмес.
2020-жылдын октябрь айында Зайналиев «Бешинчи каналдан» чыгып, авран деген чөптүн жардамы менен коронавирус илдетин дарылоо үчүн протокол иштеп чыкканын жар салган. Ал ошондо коронавируска каршы өзүнүн дарылоо ыкмасына саламаттык сактоо министрлиги көңүл бурсун деген максат менен, Садыр Жапаров менен жолугушууга, ага өз ыкмасы жөнүндө айтып берүүгө аракет кылганын да жарыялаган.
Президенттин «дары ичимдиги»
Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер каптайт жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындай абал 2-4 саатка чейин уланышы мүмкүн. 3,0-6,0 мг дозаны ичкен адам өлүп калышы да ыктымал.
Ысык-Көл тамыры же аконит же болбосо күрөшчү, уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет, ал «ит өлүмү», «кечилдин калпагы», «карышкыр уусу», «уулардын ханышасы» деген аттар менен да белгилүү. Медициналык изилдөөлөрдө «аконит — өтө уулуу өсүмдүк, аны салттуу медицинада колдонууга жол берилбейт, ал түгүл териге сыйпап койгондо да ал өмүргө өтө кооптуу».
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев басма сөз жыйынында уу коргошундун (аконит же күрөшчү) коопсуз экенин далилдөөгө аракет кылып, анын кайнатмасын ичкен. Бул өсүмдүктүн медициналык изилдөөсүндө ал өтө уулуу экени айтылат. Басма сөз жыйында министрдин уу коргошундун кайнатмасын ичкенин тарткан оператордун абалы начарлаган — бул уулу өсүмдүктү кайнатууда чыккан буудан улам болушу мүмкүн.
«Ысык-Көл тамырынын дозасын аныктаган жападан-жалгыз адам учурда — бул президент. Мен да карап аныктай албайм, ошондуктан ар бир тамырдын жакшы жана ман жактары бар», — деп министр басма сөз жыйынында айтты.
Кайнатмада уу коргошундун үлүшү канча болгонун сураган журналисттерге Бейшеналиев бул тамырды президент менен чогуу кайнатканын, президент гана дозаны аныктай алат деп жооп берген.
ДССУ миссиясы короновирусту уу коргошун менен дарылоо боюнча пикирин билдирүүгө үлгүрдү — адистердин маалыматына караганда, бул мүмкүн эмес. Далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова «министр бешинчи протоколго [коронавирусту дарылоонун] эң уулуу чөптү кошкусу келип жатат», ал эл арасында «ит өлүм» деп аталат деп билдирген.