ЖМК: Табып Зайналиев дарыгерлигин улантуу үчүн Оманга кетти

Хашим Зайналиев (оңдо). Сүрөт: Бейшенбек Бекешев

Кыргыз басылмалары табып Хашим Зайналиев Кыргызстандан Оманга учуп кеткенин жазып чыгышты.

«Омандын бийлиги ага иштөөгө уруксат берген. Ал Кыргызстандан үй-бүлөсү менен кошо чыгып кетти», — деп келтирет 24.kg Зайналиевдин жакындарынын айткандарын.

Фейсбукта дагы Зайналиевдин чет өлкөгө кеткени тууралуу маалымат пайда болгон. Колдонуучулардын бири Ташбү Жамиловна өзүнүн постунда табыптын кеткени «абдан капа кылганын» жазган.

«Хашимдин илимин биз кыргыз эли пайдаланып, сактап, коргоп, үйрөнүп кала албадык. Өзүнүн алган билими, тубаса билгичтиги менен өлүм алдында турган адамдарды сактап, өмүрүнө өмүр кошуп жүргөн. Эми Хашим кетти, анын пайдасын башка эл көрөт», — деп жазган ал.

Зайналиев Бишкек шаардык соту ага дарыгерлик кылууга тыюу салып, 100 миң сомго айыпка жыккан. Мындай чечим табыпта бейтаптарды дарылоого лицензиясы жок болгондуктан кабыл алынган. Ал сот өкүмү чыккандан бир апта өткөн соң өлкөдөн чыгып кетти

2017-жылдын июль айында Зайналиев Кыргызстандагы өз тажрыйбасын токтотуп, Жакынкы Чыгышка кетип жаткандыгы тууралуу билдирип, бирок кайра кайтып келген.

Зайналиев 2016-жылы рак илдети менен жабыркаган бейтабынын эмчегин наркоссуз алып салууга аракет кылып, аял кайтыш болуп калган. Бул окуядан кийин Саламаттык сактоо министрлиги менен ИИМ табыптын клиникасын жабууга аракет кылы, бирок майнап чыккан эмес. Ал эми Зайналиев өзү аны бейтаптарды дарылоодон «Аллахтан башка эч ким токтото албайт» деп билдирген.