Уу коргошун «Ала-Арча» мамрезиденциясында даярдалууда — 24.kg

Президент Садыр Жапаровдун аппаратында уу коргошун «Ала-Арча» мамрезиденциясында даярдалууда деп 24.kg басылмасынын журналисттерине айтып беришти.

Бул үчүн өзүнчө орун жай бөлүнүп, иштин баары медкызматкерлердин катышуусу менен стерилизацияланган шартта өтүп жатканы айтылат. Аппараттан белгилешкендей — препарат дароо ооруканаларга түшөт жана ал дарыканаларда эркин сатыкта жок.

Бийлик, тагыраак айтканда президент Садыр Жапаров менен саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошунду коронавирустан дарылануу үчүн колдонууну пландап жатышат. Бул өсүмдүктүн курамында өтө уулуу, өмүргө кооптуу зат — аконитин бар.

Садыр Жапаров октябрь айында абакта отурган кезинде эле жугуштуу оорудан кандайдыр бир дары менен дарыланып айыкканын билдирген болчу. Ал учурда Жапаров кантип жана эмне менен дарыланганын айткан эмес, бирок аны илгери ата-бабалары «ашказан рагынан» да дарылануу үчүн колдонушканын эскерген.

Бейшеналиев да Жапаровдун айткандары туура деп, 16-апрелде өткөн басма сөз жыйынында уу коргошунду оорулардын көптөгөн түрүнө — ашказан рагы, бронхит, ал түгүл ревматизмге да даба деген. Садыр Жапаров болсо, 15-апрель күнү кечинде коронавирусту уу коргошун менен дарыласа болот деп билдирген.

ДССУ миссиясы короновирусту уу коргошун менен дарылоо боюнча пикирин билдирүүгө үлгүрдү — адистердин маалыматына караганда, бул мүмкүн эмес.

Анткен менен Бейшеналиев уу коргошунду муздак ичүүгө болбостугун, ал эми анын дозасын президент өзү аныктайт деп кошумчалады. Эксперт катары ал Садыр Жапаровдун раматылык атасын атады, ал качандыр бир кезде уу коргошунду ар кыл ооруларга каршы дары катары колдонгон экен.

Ысык-Көл тамыры же аконит же болбосо күрөшчү, уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет, ал «ит өлүмү», «кечилдин калпагы», «карышкыр уусу», «уулардын ханышасы» деген аттар менен да белгилүү.

Аконитин булчуңдарды тырыштырып, шал кылуу таасирге ээ, тери, чел кабыктар аркылуу тез, ал эми ичеги аркылуу андан да тез сиңирилет. Кычыштырат жана анестезиялык касиеттери бар.

Уу коргошунду өз билемдик менен кайнатып ичкенде ууланышат. Уулануудан каза болгон адамдардын сөөгүн союп ачканда гастроэнтериттин белгилерин, жүрөк булчуңдарынын, боордун, бөйрөктүн дистрофиялык өзгөрүүлөрүн, ашказанда бул өсүмдүктүн калдыктарын табышат.

Саламаттык сактоо министри өзү Ысык-Көл тамыры өлүмгө себепчи болушу мүмкүндүгүн танбайт.«Биз оорулуларды бул суюктук менен дарылоого жооптуу врачтарга гана берип жатабыз, алар бул үчүн жооп берет. Эгерде адам муздак ичсе, ал беш мүнөт ичинде өлүп калат. Эгерде ал аны ичип туруп, артынан муздак суу ичип же балмуздак жесе да адам өлөт. Кыргыздар Ысык-Көл тамырын салттуу колдонот, ал кылымдар бою бизди дарылап келген», — деди министр.