Элди толугу менен COVID-19га каршы вакцина менен камсыздоого каражат жетпейт — Кармышаков

Вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков 19-апрелде өткөн онлайн-брифингде жарандардын баарын COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздоого мамлекетте каражат жетпей турганын айтты.

Анын айтымында, Кыргызстан вакциналардын чоң бөлүгүн гуманитардык багыт боюнча алат.

«Бүгүнкү күнгө чейин биз 150 миң доза алдык, ал 75 миң кишиге жетет. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 2 миллиондон ашуун кишини эмдеш керек. Бул маселе боюнча саламаттык сактоо министрлиги Орусия жана Казакстан менен иш жүргүзүүдө. Республикалык бюджетте пандемияга каршы күрөшүү үчүн 2 млрд сомдон ашуун акча бөлүнгөнү менен, бул акча баары бир жетпейт», — деди ал.

Кармышаковдун айтканы боюнча, президент Садыр Жапаров орусиялык вакциналарды сатып алуу тапшырмасын койду.

«Алгач биз 500 миң доза орусиялык “Спутник V” вакцинаcын жеткирүү жөнүндө келишим түзгөнбүз. Артём Новиков менен саламаттык сактоо министрлигинин адистери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Мен билишимче, азыр Орусияда вакциналардын үч түрү өндүрүлөт, алар эң ийгиликтүү жана ишенимдүү», — деп түшүндүрдү ал.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө

Калкты коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталган. Эмдөөнүн баштапкы этабы Бишкек, Ош жана Чүй облусунда башталат. Биринчи этапта медицина, билим берүү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү пландалууда.

Азыркы учурда COVID-19 илдетине каршы кытайлык Sinopharm вакцинасы гана сайылууда, ал үстүбүздөгү жылдын 19-мартында өлкөгө алынып келген. Жалпысынан өлкөгө акысыз 150 миң доза алынып келинген. Вакцинанын бул көлөмү 75 миң кишиге жетет.

Жалпысынан Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү үч этап менен өтөт деп пландалган. Биринчи этап башталып, эмдөөдөн негизинен медиктер өтүп жатканы менен, экинчи жана үчүнчү этап качан башталары боюнча так мөөнөттөр белгисиз.

Экинчи этапта вакцина өнөкөт оорулары бар адамдарга, калктын социалдык аялуу катмарына, андан тышкары, 60 жаштан улуу адамдарга сайылат. Жарандардын калган бөлүгүн эмдөө үчүнчү этапта гана жүргүзүлөт.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, так мөөнөттөр Орусия менен «Спутник V» вакцинасын акысыз алуу жана сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан көз каранды.

Ошондой эле, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 14-апрелде Кыргызстанга AstraZeneca оксфорддук вакцинасынын 405 миң дозасы ташылып келери күтүлүп жатканын айткан.