Жапаров энергетикалык кризистен чыгуу үчүн электрдин баасын көтөрүүнү сунуштады

*Жаңылык президенттин баракчасындагы оңдолгон маалыматтын негизинде 22-апрелде саат 10:26да жаңыртылды.

Президент Садыр Жапаров фейсбук барагында Токтогул суу сактагычында суунун жетишсиздигинен улам Кыргызстанда түзүлгөн энергетикалык каатчылык боюнча билдирүү жарыялады. Каатчылыктан чыгуу максатында президент калк үчүн электр энергиясынын тарифин жогорулатууну сунуштады.

  • 77 тыйын төлөмдү 74кө түшүрүү жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн колдонуу лимитин алып салуу;
  • алыскы жана тоолуу, катаал шартта жашаган аймактар үчүн чектөөлөрдү алып таштоо жана 1,04 сомдон сатуу;
  • жашоо-турмушу жакшы үй-бүлөлөргө электр энергиясын 1,48 сомдон сатуу.

Ошол эле учурда, «жашоо-турмушу Кудайга шүгүр» үй-бүлөлөр категориясына кирген керектөөчүлөргө кышкы мезгилде 1000 кВт/сааттан ашырганда электр энергиясынын баасын 2,29 сом деп бекитүүнү сунуш кылууда.

Жапаровдун билдирүүсүндө учурда өлкөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 110 миңге жетери көрсөтүлгөн. Бирок, тактоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин бул тизме кеңейиши мүмкүн экенин баса белгилеген.

Азыркы учурда жарандар керектөөнү 700 кВт/сааттан ашырышпаса, ар бир кВт/саат үчүн 77 тыйын төлөшөт. Чектөөнү ашыргандан кийин 1 кВт/сааттын баасы — 2,16 тыйын болот.

Дисклеймер. Президент фейсбук барагында электр энергиясынын тарифтерин кайрадан карап чыгуу жөнүндө пост жарыялаган, кийинчерээк пост оңдолгон. Алгачкы версияда посттун тарифтер жөнүндөгү бөлүгүндө кышкы мезгилде жашоо-турмушу дурус болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын керектөө 1000 кВт/саат ашканда 1 кВт/сааттын баасын 2,29 сом өлчөмүндө бекитүү сунушталган.

*Скриншоттордун толук версиясын ушул шилтеме боюнча көрө аласыздар.

Посттун оңдолгон версиясында бул бөлүк жок. Бирок бул маалымат президенттин расмий сайтындагы пресс-релизде берилген.

Кыргызстандын президентинин расмий сайтынан скриншот

«2025-жылга барып кризистен чыгабыз»

Жапаров, эгерде келечекте дээрлик бүткүл республиканы электр энергиясы менен камсыздаган Токтогул суу сактагычында суу кайра толо турган болсо чектөөлөр алынат деп билдирди. Учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кооптуу деңгээлге жеткен — 8,6 млрд кубометр.

«Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз. Эмне үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен алыскы тоолуу райондордо жашаган, жашоо шарты оор бүлөлөргө арзан тариф сунушталып жатат? Мындан ары бардык тармактарда реформаларды жүргүзүүдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалы биринчи кезекте эске алынып, көңүл буруларына ишендирем», — деп айтылат өлкө башчысынын билдирүүсүндө.

Анын айтымында, Кыргызстандын энергетика тармагы «айрым аткаминерлердин жеңил ойлуу саясый чайкоочулугунун айынан» 30 жылдан бери каатчылыктан чыкпай келет.

«Проблемалар өз маалында чечилбей, убакыттан кыйла уттурдук. Эскертип коёюн, биз эми мындай шалаакылыкка экинчи жол бербейбиз.

Биз эптеп эле элди алдап, алагды кылуудан алыспыз», — деп эсептейт Жапаров.

Президент өлкөнүн бийлиги энергетикалык тармакта калкка зыян келтирбегидей кылып реформаларды жүргүзүүнү карап жатканын кошумчалады.

«Өлкөнүн саясий жетекчилиги жана энергетика министрлигиндеги жаңы команда бул багытта өтө маанилүү маселелер менен алпурушууда. Бирок бул жетишсиз. Энергетика багытындагы оор жагдай бүгүн эле жаралып калган көйгөй эмес, башкаруучулардын 30 жылдан берки шалаакылыгынын натыйжасы экендигин туура түшүндүрүп, алдыдагы иш-чаралардын маани-маңызын элге жеткирүү үчүн бүтүндөй өкмөт, бардык министрликтер, акылы сергек жарандарыбыз жапа тырмак аракеттенүүсү кажет», — деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Ал бул максаттарды ишке ашырууга канчалык тез киришсек, буюрса, жакынкы мезгилдерде суу таңкыстыгы, кычыраган кышкы суукта электр жарыгынын өчүп калышы сындуу терс көрүнүштөрдөн ошончолук бат арылабыз деп белгилеген. Ошондой эле, келерки 2022-жыл «Энергетика жылы» деп жарыяланарын кошумчалаган.

Кыргызстандагы энергетикалык кризис

Кыргызстан буга чейин да Токтогул суу сактагычында суунун жетишсиздигинен энергетикалык кризиске учураган. Мундан тышкары, өлкөнү бозгун президент Курманбек Бакиев башкарып жаткан кезде суунун деңгээли төмөн болгондуктан, өлкө жарандарынын үйлөрүндө электр энергиясы кезек-кезеги менен өчүрүлүп турган. Ал убакта да бийлик энергетикалык каатчылыктан чыгуу максатында электр энергиясына болгон тарифти жогорулаткан эле.

2010-жылдагы революциядан кийин бийлик, алгач мурдагы тарифтерди кайтарып, андан соң аны бир аз жогорулаткан. Суу сактагычта суунун деңгээли түшүп кеткенде бийлик жарандарга маал-маалы менен өчүрүүлөргө жол бербөөнү убада кылып турган. Ошол эле учурда бийлик Токтогул суу сактагычында суунун деңгээлин 10 млрд кубометрден жогору кармап тура алган.

Азыр электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүгө жол бербөө үчүн өкмөт электр энергиясын Казакстандан жана Өзбекстандан карызга импорттоп жатат.