Ош ОИИБи: Төрт баланын энеси жоолукка асынып каза болду, себеби териштирилет

Ош облусунун Кара-Суу районунун Ишкаван айылында 32 жаштагы аял жоолукка асынып алып каза болду. Милиция маркумдун өлүмүнүн себебин териштирип жатат. Аялдын артында эки кызы жана уулу калды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аял 22-апрелде саат 12:30дар чамасында үйүнүн жанындагы унаа токтотуучу гараждын ичиндеги темир торсунга өзүн-өзү асып алган. Сырттан кароо жүргүзүлгөндө денесинде эч кандай жараат байкалган эмес.

Маркумдун жолдошу жана ата-энеси эч кимге доосу жок экендигин билдиришип, сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Бирок Ош ОИИБинен аялдын өз жанын кыюуга эмне түрткү болгону териштирилип жатат деп билдиришти.

23-апрелде соцтармактарга тамашоучу Кадыр Жарматовдун жубайы каза болгондугу тууралуу маалыматтар тарады. Милициянын билдирүүсүндө маркумдун инициалы К.С., ал эми анын жолдошунун инициалы К.Ж. деп берилген. Бул инициалдар Жарматовдун жубайы Каныкей Саматовага дал келет.

Буга чейин 7-февралда Алай районунун Гүлчө айылында 25 жаштагы аял өз үйүндө асынып алган. Кыздын апасы «кызым өзүн-өзү асып албайт эле, териштирип бергиле» деп милицияга арыз жазган. Маркум мектепте математика мугалими болуп иштеген. Ал эми жолдошу милиция кызматкери. Алардын турмуш курушканына бир жылдай эле убакыт болгон. Алдын ала маалымат боюнча маркум мындан 2-3 күн мурун кесиптештерине балалуу боло албай жүргөнүн айтып кейиген.

Жыл сайын Кыргызстанда ушул сыяктуу ондогон аял киши колдуу болот — аялдар күйөөсүнүн, чогуу жашап жүргөн адамдын же мурдагы күйөөсүнүн, кээде тааныбаган эркектин колунан ажал табат.

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.