Алайда 25 жаштагы аял асынып алды. Маркумдун апасы милицияга арыз жазды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында 25 жаштагы аял өз үйүндө асынып алды. Ош ОИИБден «Клоопко» кабарлагандай, учурда анын өлүмүнүн себеби такталып жатат.

Окуя 7-февралда орун алган. Маркум мектепте математика мугалими болуп иштеген. Ал эми жолдошу милиция кызматкери болуп иштейт. Алар мындан бир жыл мурун турмуш курушкан. Алдын ала маалымат боюнча маркум мындан 2-3 күн мурун кесиптештерине балалуу боло албай жүргөнүн айтып кейиген.

«Маркумдун апасы “кызым өзүн-өзү асып албайт эле, териштирип бергиле” деп арыз жазды. Сегиз күн мурда күйөөсү Чоң-Алайга иш сапары менен кеткен экен. Балким телефондо жаман сөздөр айтылып, урушканбы деген да божомолдор бар. Аны да текшерип жатабыз. Эгер далилдене турган болсо, жолдошу жоопко тартылат», — деп билдиришти милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Аширбаевдин айтымында, маркум балалуу боло албай жүргөндүктөн депрессияга түшүп кетип, өз жанын кыюуга барды деген версия да териштирилет.

Аталган факт учурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Өз жанын кыюу» беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Милициядан билдиришкендей, экспертизанын жыйынтыгы менен аталган берене өзгөрүшү мүмкүн.

Буга чейин өткөн жылдын 23-сентябрында Ала-Бука районунда 33 жаштагы аял үйүндө асынып алган. Анда келиндин кайын журту өз жанын кыйганын айтышкан. Ал эми маркумдун жакындары келиндин өлүмүнө анын күйөөсүнүн зомбулугу себеп болгон деп божомолдошкон.

Жолдошу маркумду «эркек төрөбөйсүң» деп айыптап жүргөн — 15 жыл чогуу жашаган жубайлар төрт кыздуу болушкан. Алардын улуусу 15те, кенжеси бир жашта болчу.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 21-январда Жалал-Абад облустук соту асынып алды делген аялдын сөөгүнө эксгумация жүргүзүлөөрүн маалымдаган. Буга аял каза болгондон кийин дайындалган экспертиза анын денесинде жеңил жараат болгонун аныктаганы себеп болгон. Ошондой эле, маркумдун жолдошу шектүү катары кармалып, ал март айына чейин камакка алынган.

Мындан сырткары, быйыл жыл башында Ысык-Көлдүн Түп районунда жубайын муунтуп өлтүргөн тургун кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, окуядан кийин шектүү дары ичип, өз жанын кыйганга аракет жасаган.

Жыл сайын Кыргызстанда ушул сыяктуу ондогон адам өлтүрүү болот — аялдар күйөөсүнүн, чогуу жашап жүргөн адамдын же мурдагы күйөөсүнүн, кээде тааныбаган эркектин колунан ажал табат.

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Тема боюнча:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Коргонсоң да, кордолсоң да өз шоруң. Абактагы аялдардын тагдыры

Депутаттар өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатындагы ишин жетишсиз деп тапты