Ысык-Көлдө тургун аялын муунтуп өлтүрүп, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылды

Ысык-Көл ОИИБи билдиргендей, Түп районунун Долон айылынан алыс эмес жерде турган үйүндө аялын муунтуп өлтүргөнүн маалымдады. Милициянын маалыматы боюнча, өлтүрүүдөн кийин шектүү «Неоцидол» деген ветпрепарат ичип, өз жанын кыйганга аракет жасаган.

Учурда шектүү жаран реанимацияда.

ИИБден билдиришкендей, окуя тууралуу шектүүнүн бир тууган агасы кабарлаган — ал келининин сөөгүн, андан соң инисин көргөндөн кийин милиция бөлүмүнө чалган.

Аталган факт «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, бардык соттук-медициналык эскпертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жыл сайын Кыргызстанда ушул сыяктуу ондогон адам өлтүрүү болот — аялдар күйөөсүнүн, чогу жашап жүргөн адамдын же мурдагы күйөөсүнүн, кээде тааныбаган эркектин көлунан ажал табат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Эркек төрөбөйсүң». Ала-Букада асынып алды делген аялдын сөөгү эксгумацияланат

Коргонсоң да, кордолсоң да өз шоруң. Абактагы аялдардын тагдыры

Депутаттар өкмөттүн үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жаатындагы ишин жетишсиз деп тапты