Баткен: Дайынсыз болуп жаткан эки тургун Кыргызстанга кайтарылды

Баткен облусу. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу

Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Тажикстан менен чектешкен Эски-Оочу айылынын эки тургуну Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Дастан Ашрапов жана Кубатбек Каныбек уулу Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде бошотулду.

«Ашрапов менен Каныбек уулунун денелерине алган жарааты канчалык оор экендигин аныктоо үчүн тиешелүү эскпертизалар дайындалды жана алар жакындарына өткөрүлүп берилди», — деп билдиришти Баткен ОИИБиден.

Мындан сырткары, милициядан тажик тарап дагы алты жаранды Кыргызстандын чек ара кызматына өткөрүп бергендигин кошумчалашты.

Буга чейин 19 жаштагы Дастан Ашрапов жана 21 жаштагы Кубатбек Каныбек уулу Баткен ОИИБинин ыкчам-издөө тобу тарабынан изделип жаткан. Алар 24-апрелге караган түндөн тарта белгисиз себептер менен дайынсыз болгон.

Тургундардын жоголгондугун алардын апасы маалымдап, жардам сураган. Бул тууралуу Нурик Аблакулов аттуу фейсбук колдонуучу видео жарыялап, «Тажикстандын солдаттары түнү чатырда уктап жаткан эки тургунду токмоктоп, Тажикстанга алып кирип кетти» деп жазган.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн Тажикстандын чек ара кызматы Ашрапов менен Каныбек уулун эмне себептен кармагандыгы териштирлип жатат деп маалымдады.

Тема боюнча:

Баткен: Тажикстан менен чектешкен Эски-Оочу айылынын эки тургуну дайынсыз болууда