Баткен: Тажикстан менен чектешкен Эски-Оочу айылынын эки тургуну дайынсыз болууда

Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Тажикстан менен чектешкен Эски-Оочу айылынын эки тургуну дайынсыз болуп жатат.

Бул тууралуу 24-апрелде Нурик Аблакулов аттуу фeйсбук колдонуучу видео жарыялады. Анда ал «Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын солдаттары түнү чатырда уктап жаткан жеринен токмоктоп, Тажикстанга алып кирип кеткен» деп жазган.

Аталган видеодо өзүн аталган айылдын тургунумун деп тааныштырган аял Кубат жана Дастан аттуу балдары дайынсыз болуп жатканын айтып, жардам сураган.

«Бул жакта Тажикстандын чек арачылары турат мындай болуп [чек арачыларды көрсөтүп — ред.] Биздин чек арачылар да турсунчу деп айткан элем буга чейин. Балдарым ушул жерге цех куруп жаткан үчүн бул жакта түнөп калышкан болчу. Азыр эми түнү менен жок [ыйлап...]. Мына телефону жана кийимдери турат, бирок өздөрү жок. Бут кийимдери бүт канга боёлгон [...] Кубат менен Дастанымды бирөөлөр алып кетип калган, мага жардам бергиле», — деп ыйлаган аял.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан 19 жаштагы Дастан Ашрапов жана 21 жаштагы Кубатбек Каныбек уулу ыкчам-издөө тобу тарабынан изделип жатканын маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Эски-Оочу айылынын түштүк тарабында салынып жаткан тигүү цехи Тажикстандын Б. Гафуров районуна жакын жайгашкан. Ал эми Ашрапов менен Каныбек уулу куруучу болуп иштешчү. Алар 24-апрелге караган түнү курулуш материалдарын кайтаруу үчүн курулуш болуп жаткан жерге келип түнөшкөн.

«24-апрелде эрте мененки тамактанууга Ашрапов менен Каныбек уулу үйлөрүнө барган эмес. Дайынсыз жоголгон эки жаран боюнча багыттамалар түзүлдү», — деп билдиришти Баткен ОИИБиден.

Ошондой эле, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү дайынсыз жоголгон тургундар боюнча Тажикстандын чек ара кызматына да маалымат жиберилгенин кабарлашты. Мындан сырткары, бул тууралуу кошумча маалымат берилет деп убадалашты.

«Бул тууралуу маалымат келип түшөрү менен облус башчысы Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө атайын тапшырмаларды берди. Бирок азыркы учурда дайынсыз болуп жаткан тургундарды “тажик тарап алып кирип кетти” деп айтуу туура болбой калат. Бир тургундун телефону калган, экинчи тургундун телефону өзү менен кошо кеткен. Кошо алып кеткен телефондун сигналдары аркылуу издөө иштери жүргүзүлүп жатат», — деп өкүлчүлүктөн билдиришти.