Чек ара чырында үйү өрттөнгөн Эсен Мажитов Орусиядан кармалды

Эсен Мажитов. Сүрөт: Негматулло Мирсаидов

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан улам үйү өрттөнгөн Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсен Мажитов Орусиядан кармалды. Ага Тажикстандын бийлиги кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын маалыматына ылайык, Мажитов 18-апрель күнү Орусияга эмгек миграцияга жөнөп кеткен. Ошол эле күнү аэропорттон Орусиянын күч органдары тарабынан кармалган.

«Тажикстан аны экстрадициялоо үчүн Орусияга кайрылып жатыптыр. Өкүлчүлүк Башкы прокуратура жана Тышкы иштер министрлиги менен аны Тажикстанга эмес Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча сүйлөшүп жатат», — дейт Бердигулова.

Ошондой эле басма сөз катчы губернатор Өмүрбек Суваналиев Мажитовдун жакындарын кабыл алып, «аларга болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланып жардам берээрин убадалаганын» кошумчалады.

Мажитовдун жубайы Айзада Хамдамова «Клоопко» Тажикстандын Исфара шаарынын прокуратурасы Мажитовго козгогон кылмыш иши боюнча токтомдорду жолдоду. Анда «Мажитов Исфаранын тургунунун 0,60 гектар менчик чарба жерине өз алдынча жүгөрү эгип», «ал баштаган кишилер чек арадагы кырдаалды курчутуканы» жазылган.

Мындан улам өткөн жылдын 5-августунда Тажикстан Мажитовго «Массалык баш аламандыктарды уюштуруу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Мындай учурда 5-12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Исфара шаардык соту тергөөнүн жүрүшүндө аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Баткен ОИИБден билдиришкендей, өткөн жылы чек арада чыккан чырдан соң Кыргызстан да Тажикстандын бир нече жаранына карата кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган.

Чек арадагы чыр, үйсүз калган Мажитовдор

Өткөн жылдын 8-майында Баткендин Көк-Таш айлынын Чек аймагы менен Тажикстандын Исфара районунун Кумазор айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Ага такталбаган жердин талашка түшкөнү себеп болгон. Кайым айтышуу таш ыргытууга айланып, кийинчерээк ок да атылган.

Кыргызстандын версиясы боюнча, такталбаган 5000 чарчы метр жерди иш жүзүндө кыргызстандыктар иштетип келген. Бирок тажик тарап ошол күнү жерди бошотуп берүүнү жана айдаган эгиндерди бузууну талап кылышкан — ал жерде кыргызстандыктардын 20-30 жылдык бак-дарактары да болгон.

Ал эми Тажик тарап «жер аларга тиешелүү болгонун» жана кыргызстандыктар тилкени «өз билемдик менен ээлеп алганын» билдирген. Окуядан соң Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода ТИМге чакырылып, Тажик тарапка протест билдирүү нотасы тапшырылган.

Ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргөн.

Жаңжалда жалпы алты адам жарадар болгон — төрт кыргызстандык жана эки тажикстандык. Төрт кыргызстандыктын үчөө аскер кызматкери болгон. Аскерлерге Баткенде операция жасалып, андан кийин 10-майда Бишкек шаарындагы улуттук госпиталга атайын борт менен алынып келинген.

Мындан сырткары, чырдан улам Чек аймагындагы Эсен Мажитовдун жаңы салган үйү толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кийим-кечектери, документтери жана чогулткан акчасы күйгөн.

Анда бийлик үй салып берүүнү убадалаган, бирок Мажитовдор биринчи кезекте чек ара көйгөйүн чечип берүүнү суранышкан. Төрт айдан кийин өкмөт жана кайдыгер эмес кишилер Мажитовдорго үй салып берген.

«Баары күйүп, күл болду». Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда үйсүз калган Мажитовдордун окуясы

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу эмне белгилүү?