«Баары күйүп, күл болду». Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда үйсүз калган Мажитовдордун окуясы

Мажитовдордун күйүп кеткен үйү. Сүрөт: Жеңиш Айдаров, «Азаттык» радиосу.

8-май күнү Баткен районунун Чек аймагы менен Тажикстандын Исфара районунун Кумазор айыл тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжалга такталбаган жердин талашка түшкөнү себеп болгон. Кайым айтышуу таш ыргытууга айланып, кийинчерээк ок да атылган.

Чырдан улам Көк-Таш айылындагы чек арага чектеш жайгашкан Мажитовдордун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн. Үй менен кошо үй-бүлө мүчөлөрүнүн документтери, кийим-кечеси, буюмдары жана чогултуп жүргөн акча каражаттары да өрттөнүп кеткен.

Кийинчерээк эки тараптын сүйлөшүүлөрү болуп, үйдүн чыгымдарын эсептөө жана өрттүн себептерин изилдөө эки өлкөнүн атайын органдары тарабынан жүргүзүлмөй болгон. Анткен менен кыргыз өкмөтү тергөөнүн жыйынтыгын күтпөй, үйдү күз айларына чейиин бүтүрүү үчүн каражат бөлдү. Мындан тышкары, баш паанексиз калган үй-бүлөгө боорукер адамдар жана бир катар коомдук уюмдар да акчалай жардам беришти.

«Клооп» үй ээлерин кепке тартып, окуя кандайча болгонун сурады.

«Баары күйүп, күл болду»

Сүрөт: Жеңиш Айдаров, «Азаттык» радиосу.

Шаада Мажитова үйдүн байбичеси — жашы 80ге таяп калган. Балдарынын айтымында, окуя болгон күндөн бери карыянын ден соолугу начарлап кеткен. Мажитова бизге окуя кандай болгонун көз жашын тыя албай айтып берди.

«4-5 жылдан бери эми эле курулуп бүткөн үй эле. Бүтүргөнчө көрбөгөн күнүбүз калган жок. Килем сатып тиричилик кылып, эптеп бүтүргөнбүз. Эми минтип чыр-чатак чыгып, үйүбүз күйүп эч нерсебиз калбады. Жада калса кийимсиз калдык. Документтер күйүп кетти. Неберелерим “баарынын унаасы бар, бизде эле жок” дей беришкенинен, мал-жандыкты сатып болсо да бир унаа алып алалы деп акча топтоп койгон болчубуз, ал да күйүп кетти. Баары күйүп, күл болду», — деди ал.

Өрттөнүп кеткен үй Эсен Мажитовдун үй-бүлөсү үчүн салынган. Ал чыр-чатак жер талаш айынан чыкканын айтып, бийлик маселени тезирээк чечип берсе деген үмүттө.

«Мен ал күнү айылдын жогору жагында жүргөм. Ата-энем, балдарым үйдө калышкан болчу. Анан ылдыйда чыр болуп жатат дегенинен баргам. Карасак, тажиктер жерди талашып, тракторун алып чыгып алышыптыр. Аны менен кирип жерди айдап баштаганда биз чогулуп барып тракторун кайтаралы деп таш ыргытуулар болуп кетти. Кийин алар тараптан ок чыгып кеткен соң жаныбызды алып качтык. Атышуу бүтүп арадан 10-15 мүнөт өткөндөн кийин үй түтөп баштады», — деди Эсен Мажитов.

Анын айтымында, ызы-чуудан улам атасы эшикке чыкканда ага карата бир нече жолу ок атылган. Бактыга жараша ок тийбей, аларды чек арачылар үйдөн коопсуз жайга алып кетүүгө үлгүрүшкөн.

«Үй өрттөнүп жатат, үй жакка баргыла!»

Ал эми Мажитовдордун келини Айзада Хамдамова мындай чыр-чатактар алар үчүн көнүмүш болуп калганын айтат. Ал жаңжал чыккан күнү төрт айлык ымыркайын алып качууга аргасыз болгон.

«Биз жакка эмне үчүн келип жатышат деп өйдө жакты карасам ал жактан биздин аскерлер да келе жатыптыр. Анан биздин аскерлер “үйгө кириңиздер” деп, туугандарыбыздын үйүнө баарыбызды алып кетти. Биз үйгө кирээрибиз менен ок атышуу башталды. Айнектин түбүндө коркуп отурдук. Бир убакта аскер келип “сиздерди жол тарапка чыгаралы” деди. Чыкканыбызда саат кечки жети болчу. Анан артка кайрылып карасак эле үйүбүздөн түтүн чыгып жатыптыр. “Үй өрттөнүп жатат, үй жакка баргыла!” деген боюнча кала бердик», — деп ал күндү эскерди Хамдамова.

Хамдамова жаңы эле сатып алган үй буюмдары менен кошо 5 баласынын кийим-кечеси толугу менен күйүп кеткенин айтып кейиди.

Мажитовдордун үй-бүлөсү бул аймакка 1990-жылдары көчүп келип, ошол күндөн тарта тынчтык жоктугун айтышат. Алар чырдан кийин вице-премьер-министр Акрам Мадумаров баштаган топ Баткенге келгени менен эл менен жолукпай кетип жатышканын айтып нааразы болушту.

Акрам Мадумаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматын

«2 күндөн кийин бийликтен келишиптир, мектепте чогулуш болот экен дешти. Мектепке барсак эч ким жок экен. Анан каналдын аркы бетинде милициялар менен унааларда бирөөлөр жүргөн экен. Арткы бетте тажикстан тараптын күч органдары турат. Ошол жерде эле өздөрү менен өздөрү сүйлөшүптүр. Анан бизге да келип түшүндүрүп чогулуш кылышат бекен деп турсак, жолуккан да жок, токтогон да жок, унаасын катуу айдаган боюнча өтүп кетишти. Биз кала бердик күзөтүп», — деди үй кожоюну Абдраим Мажитов.

Чек арага чектеш жашаган тургундар үй тургузулганы менен маселе чечилип калбайт деп эсептешет. Ошондуктан да он жылдар бою бийликтен чек араны тактап берүүнү талап кылып келишет. Ар бир жаңжал чыккандан кийин эки тараптуу териштирүү башталганы жана чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы кабарланат. Бирок азырынча ал сөздөр убада бойдон калууда.

Мажитовдор кыргыз-тажик чек арасынан эки метр аралыкта жашап, он бир баланы тарбиялап, 32 неберени чоңойтуп, 11 чебере көрүштү. Алардын жалгыз тилеги — тынч жашоо.

ТЕМА БОЮНЧА: