Активист Тилекмат Күрөңов үй камагына чыгарылды

Бишкек шаардык соту 26-апрелде активист Тилекмат Күрөңовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, ал тергөө абагынан үй камагына чыгарылды. Бул жөнүндө соттун басма сөз кызматы билдирди. Күрөңовго «Бийликти басып алууга аракет кылуу» беренеси боюнча айып тагылган.

17-мартта Свердлов райондук соту активистти Бишкектин №1-тергөө абагына киргизген. Ал мындан кийин ачкачылык жарыялап кийин аны токтоткон.

Тилекмат Күрөңовдун иши

Тилекмат Күрөңов — жарандык активист. Ал бир нече ирет митингге чыккан. 2020-жылы жайында ал тарапташтары менен парламенттик шайлоону жылдырып, «ишке жарабаган» өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып чыккан.

Мындан тышкары, 2020-жылдын декабрында ал Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

Ал ошондой эле, 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин алып барган.

Тилекмат Күрөңов 15-мартта милиция тарабынан кармалган. Бишкек ШИИБ билдиргендей, ал социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү үчүн кармалган, бул жарыяларда «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырыктар» байкалган.

«Ханституцияга каршы» кыймылынын мүчөсү Тилекмат Күрөңов кармалып, анын үйү менен кеңсесинде тинтүү жүргөн. 17-мартта Свердлов райондук соту активистти Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 1 айга киргизүү чечимин чыгарган. Күрөңовго «Бийликти басып алууга аракет кылуу» беренеси боюнча айып тагылган.

Дагы окуңуз: Бири камакта, экинчиси дайынсыз. Активисттерге «аңчылык» башталдыбы?