Бири камакта, экинчиси дайынсыз. Активисттерге «аңчылык» башталдыбы?

Бишкекте 15-марттан тарта Конституциянын жаңы долбооруна жана конституциялык реформага каршылыгын билдирген бир нече активист укук коргоо органдарынын көңүлүн бурган.

«Ханституцияга каршы» кыймылынын мүчөсү Тилекмат Күрөңов кармалып, анын үйү менен кеңсесинде тинтүү жүргөн. Андан сырткары Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүүгө каршы 9-марттагы тынчтык митингине катышкан андан бир нече активистти укук коргоо органдары текшерүүгө алышты.

Милиция менен УКМКнын иш-аракеттери президент Жапаровдун саясатчыларды, активисттерди жана журналисттерди саясий куугунтуктоого жол берилбейт деген билдирүүсү менен дал келди.

Тилекмат Күрөңовдун иши

«Замандаш» партиясынын мурдагы лидери жана «Ханституцияга каршы» кыймылынын жетекчиси Жеңиш Молдокматов 15-мартта активист Тилекмат Күрөңов фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кармалганын билдирген. Ал 48 саатка убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

Саясатчы фейсбугунда Күрөңовду өздөрүн ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлерибиз деп тааныштырган белгисиз адамдар кармап кетишкенин белгилеген. Кийин анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Кийин Молдокматов активистти фейсбуктагы посттору үчүн «Бийликти күч менен басып алууга чакырык» беренеси менен кармаганын кабарлаган. Бул маалыматты Күрөңовдун адвокаты дагы тастыктаган.

Бишкек ШИИББи болсо Күрөңовдун социалдык тармактардагы жазууларында «бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандык уюштурууга чакырыктын белгилери байкалгандыктан» кармалганын айтышкан. Бирок кайсыл посттору үчүн айыпталганы тууралуу маалымат болгон эмес.

«Аталган факт КЖБРге катталган жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” жана “Массалык баш аламандыктарды уюштурууга аракеттенүү” беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүштөр башталган», — деп ШИИБ билдирген.

«Көрсө, алар корутундуну алдын ала даярдап алып экспертиза өткөрүшүптүр. Эртең [17-мартта] Тилекмат Күрөңовдун Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы кабыл алынат», — деп билдирген Молдокматов 24.kgге курган маегинде.

17-мартта Тилекмат Күрөңовдун үстүнөн өтчү сот отуруму күтүлбөгөн жерден Свердлов райсотуна которулуп кеткен. Сот активистти Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 1 айга киргизүү чечимин чыгарган. Күрөңов сот залынан чыгып бара жатып «ачкачылык жарыялайм» деп айтты.

Сот жабык форматта өтүп, журналисттер киргизилген эмес, сот имаратын милиция кызматкерлери курчоого алышкан. Таң эртеден бери имараттын тегерегинде Күрөңовдун тарапташтары жана Кыргызстанда сөз эркиндигинин сакталышын жактагандар чогулушкан.

Активист Жеңиш Молдокматовдун айтымында, сот жактоочу тарапка иш менен таанышуу үчүн убакыт берген эмес, андыктан адвокат аларга жок дегенде эки саат убакыт берүүнү суранган. Жыйынтыгында сот алардын өтүнүчүн канааттандырып, отурумду саат 12:30га жылдырган.

Молдокматов билдиргендей, алгач укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш Биринчи май райондук сотунда караларын айтышкан, бирок андан кийин отурум Свердлов райсотуна которулган.

«Аягына чейин сот кайда өтөрүн айтпай, бардыгын жашырып туруп алышты. Аны кармоодо да ушундай эле болгон. Аны мыйзам бузуу менен суракка алышты. Мен бардыгына кайрылам! Азыр болуп жаткандын баары — бул жөн гана кысым эмес, бийликке каршы чыккан адамдардын баардыгына репрессия!» — деп билдирген ал.

Сот имаратынын алдында Тилекмат Күрөңовдун атасы да болгон. Анын айтымында, Күрөңов «Садыр Жапаровдун командасына кошулуудан баш тартканы» алардын үйү менен кеңсесинде тинтүү жүргүзүүгө жана уулунун кармалышына себеп болгон. Анын айтканы боюнча, ага жана уулуна көп жолу «чоң кызматтар сунушталган».

«Бирок, менин балам ал жерде көптөгөн алдамчылыктар болуп жаткандыгын айтып, мыйзамдуу жол менен кетүүнү каалап, сунуштардан баш тарткан. Үч күн мурун эле, президенттин адамдары менин уулума каалаган кызмат ордун жана акчаны сунушташкан. Өз кезегинде алар андан Баш мыйзамга каршы чыкпоосун өтүнүштү. Менин уулум баш тарткан, анткени ал өз чындыгына бекем ишенген», — деди ал.

Тилекмат Күрөңов — жарандык активист. Ал бир нече ирет митингге чыккан. 2020-жылы жайында Күрөңов тарапташтары менен парламенттик шайлоону жылдырган, «ишке жарабаган» өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып чыккан. Мындан тышкары, 2020-жылдын декабрында ал Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

Күрөңов «Ханституцияга каршы» борбордун мүчөсү, Конституциянын жаңы долбооруна жана конституциялык реформага каршылыгын жигердүү түрдө билдирип келет.

«Ханституцияга каршы» борборундагы тинтүү

«Ханституцияга каршы» кыймылдын жетекчиси Жеңиш Молдокматов Күрөңов кармалганы айтылары менен «Ханституцияга каршы» борбордун кеңсесинде 15-мартта кечинде тинтүү жүргүзүлгөнүн билдирген.

Анын айтымында, Күрөңов кармалгандан кийин дароо эле алардын кеңсесине спецназ кирип келип, «маски-шоу» уюштурган. Тинтүү учурунда Молдокматов социалдык тармактардын биринде түз эфирге чыккан, бирок милиция кызматкерлери ага тергөөнүн купуялуулугун эскертип, түз эфирге тыюу салышкан.

«Кеңседе отурсам спецназ келди. Бандиттерди кармагандай эле кызматкерлерди басып жыгышты. Мени көргөндө токтошту, мен телефонго тартып баштадым. Ошол фейсбукка чыкты. Тилекмат Күрөңовдун иши боюнча дешти. Анткени биз ижарага алган офис “Ханституцияга каршы” борбору болгон. Ошол эле маалда спецназ менен Тилекматтын үйүнө киришкен. Анын кичинекей балдары бар, оорукчан жубай жана атасы бар», — деп айткан Молдокматов.

Анын пикиринде, бийлик атайылап Конституциянын долбооруна каршы чыккандарды кысып, аларды коркутуп-үркүтүү аркылуу жок кылгысы келип жатат.

Саясатчы белгилегендей, укук коргоо органдарына буйрук жогорку жетекчиликтен, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен президент Садыр Жапаровдон түшкөн болушу ыктымал.

«Же күч кызматкерлери артык кылабыз деп, президентке өздөрүнүн күрөшүү ыкмасын көрсөткүлөрү келип, бирок ого бетер жаман кылып алышкан. Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн адамды камап, түн ичинде автомат менен үйгө кирип барып, балдар уктап жатканда тинтүү — бул чектен чыккандык. Баары мени дагы саясий көз карашым үчүн кармап кете турганга баратат», — деп айткан «Замандаштын» экс-лидери.

Камчы Нурбек уулунун жоголушу

17-мартта «Ханституцияга каршы» кыймылынын башчысы Жеңиш Молдокматов 16-марттын кечинен бери дагы бир активист Нурбек уулу Камчынын дайыны чыкпай жатканын билдирген.

Жоголгон активист Жетим-Тоо кенин иштетүүгө жана Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууга каршы чыккан.

*Материал жарыкка чыккан учурда активист Камчы Нурбек уулунун дайын-дареги аныктала элек болчу.

Молдокматовдун айтымында, 16-мартта Камчы Нурбек уулу активисттерге телефон чалып, белгисиз адамдар кармап кеткенин кабарлаган. Ошол бойдон байланышка чыккан эмес, кайда жүргөнү да белгисиз.

«Биз Нурбек уулун таап, иштин чоо жайын билүүнү адвокаттардан суранганбыз. Юристтерге, жарандык коомго кайрылып, биздин айланабызда болуп жаткан окуяларга байкоо салып турууну суранабыз. Катуу кысым башталды, бийликтин мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы чыккан адамдардын коопсуздугу коркунучта», — деп айткан ал.

Молдокматов Камчы Нурбек уулу «Ханституцияга каршы» борборуна тиешеси жок экенин белгилеген.

«Биздин борборго анын эч кандай тиешеси жок. Жетим-Тоого жана Кумтөргө каршы акцияларга катышкан, Конституциянын жаңы долбооруна каршы митингде мени менен бир катарда турган», — деп билдирген Молдокматов.

Түшүндүрүү иштери

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 16-мартта УКМК анын партиялашы Бекмурат Ооган уулун кармап кеткенин билдирген. Мадумаров партиясынын ачык катын социалдык тармактарда жарыялаган. 

Катта партия мүчөсү УКМКга көрсөтмө берип, ага карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин коё берилгени айтылган.

«"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы бийликти сындаган активисттердин кармалып жатканына терең тынчсыздануусун билдирет. Аны менен бийликтин саясий өңүттөгү куугунтугун токтотууну талап кылат. Социалдык тармактарда бийликке жакпаган пикир билдиргени үчүн укук коргоо органдары катаал чара колдонуп, басмырлоосун биз сөз эркиндигине болгон кысым деп түшүнөбүз. Шайлоо алдында активдүү жаштарды коркутуп-үркүтүп жаткан азыркы бийликтин мындай аракеттери өзүнө аброй алып келбейт», - — деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Бекмурат Ооган уулу 10 жылдан бери «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, социалдык тармактарда Билал Сапаралиев деген ат менен белгилүү. Ооган уулу 16-мартта калтырган комментарийи үчүн УКМК тарабынан кармалган.

«Буга чейин Бекмурат Ооган уулу өзүнүн фейсбук барагына “Биз Ханституцияга каршыбыз” деп жазылган сүрөт жайгаштырган. Коллаждын алдына “Тилекмат Күрөңовго боштондук” деп жазылган. Активист УКМКга чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң бошотулган», — деп жазган 24.kg басылмасы.

Президенттин убадасы

Активисттерди куугунтуктоо президент Садыр Жапаровдун «учурда өлкөдө журналисттер менен саясатчыларга карата саясий куугунтук жок жана мындан ары болбойт дагы» деп интервью берген күнүнө туш келди.

15-мартта президент «Азаттыкка» маек куруп, Кыргызстан демократиялык өлкө бойдон калат деп билдирген.

Президенттин айтымында, ал оппозиция менен кызматташууга даяр. Ошондой эле, оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн Конституция, сырткы карыз тууралуу суроолоруна жооп берүү үчүн, ошондой эле сунуш-пикирин угуу максатында байланышып турарын кошумчалаган.

Жапаров азыркы тапта митингге чыккан саясатчылар менен активисттердин бирөө дагы куугунтукталбаганын айткан.

«Мурда Сыргак Абдылдаевди сайып кеткен, колу-бутун бууп көп кабаттуу үйдөн ыргытып жибергендери, камалгандары бар. Азыр эч нерсе болгон жок да. […] 5-октябрда бир дагы журналисттин чекесине черткен жокпуз. Коррупционерлердин үйүнө дагы барган жок. Ал эми 2010-жыл эсиңиздерде болсо керек? 10 эле жыл мурун эмне болду эле? Журналисттер, саясатчылардын баары качып кетип, алты айдан кийин кайтып келишпеди беле. Арты үч жылдан кийин келген. Биз андай кылбайбыз. Ал оорудан кетишибиз керек», — деп билдирген президент.

Конституцияны өзгөртүүгө каршы митинг

Кысымга алынган бардык активисттер 9-мартта Ак үйдүн алдында Конституцияны өзгөртүүгө каршы тынчтык митингине катышкан. Ошол күнү митингге 50дөй киши чыгып, алар Коституциянын жаңы долбооруна каршылыгын билдиришкен жана парламенттин тарап кетишин талап кылышкан.

Акциянын катышуучулары «STOP Ханституция!», «Парламент тарасын!» деп жазылган плакаттар менен чыгышкан. Бул митингди «Конституцияга каршыбыз» кыймылы уюштурган.

Күрөңов митингде модераторлук кылган. «Замандаш» партиясынын мурдагы лидери Жеңиш Молдокматов, экс-депутат Исхак Масалиев жана «Реформа» партиясынын тең төрайымы Клара Сооронкулова да митингге катышкан.

Молдокматовдун айтымында, өлкөдө Конституциялык төңкөрүш жана бийликти узурпациялоо жүрүп жатат.Ал билдиргендей, бул мөөнөтсүз митинг, эгерде алардын талаптары аткарылбаса, анда алар бийликти узурпациялап жатышканы үчүн парламенттин депутаттарын жана президентти сотко беришет.

«Бүгүнкү тынчтык митингине чогулганыбыздын негизги максаты өлкөдө орун алган мыйзамсыз саясий реформалардын жүрүшү болуп жатат. Анын бири Конституциянын кабыл алынышы. 3-мартка чейинкисин айтпасак да белгилүү. Тилекке каршы, 3-мартта парламентте өтө одоно мыйзам бузуулар орун алды. […] Ошондуктан биз азыркы парламент легитимсиз деп айтабыз. Ал Конституциялык реформаны эмес, мыйзамдарды да кабыл ала албайт […] Биз бул легитимсиз парламенттин таркашын талап кылабыз», — деп айткан Молдокматов.