Өзгөн РИИБи Куршаб стадионунда чыккан чырды иликтеп жатат, 30дай киши суракка алынат

25-апрель, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин Куршаб эли менен жолугушуусу. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу/Azattyk

Өзгөн РИИБи Куршаб айыл өкмөтүнүн стадионунда «Региондун» мурдагы журналисти Акниет Кеңешов менен тургундардын ортосунда чыккан чырды иликтеп баштады. Иштин алкагында милиция 30дай кишини суракка алат.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, аталган факты «Ээнбаштык» беренеси менен катталды. Бирок эки тарап тең арыз түшкөн эмес. Милиция иш соцтармактарда тараган тасмалардын негизинде КЖБРге катталганын белгилешти.

Аширбаевдин айтымында, азырынча 12 киши суракка алынды. Басма сөз катчы «журналист менен чырдашуу учурунда канча киши тасмага түшкөн болсо алардын баары сурак берет» деп айтты.

«Дагы 20-30дай киши суралат. Ал тасмада [журналисттин] башына чап деп айтып, сабаганга аракет болуп жатат. Ошондой эле милициянын айтканына карабастан кардонду бузуп өтүп жатышат», — деди Аширбаев.

Ошондой эле, облустун милициядан тасмада «Регион», КТРК, ЭлТР, жана ОшТВны «дежур канал» деп атаган Мирлан Ураимов сөзү үчүн жооп бериши керек деп билдиришти. Мындан сырткары, милиция чырга катышкандар менен профилактикалык иштерди жүргүзөт.

Буга чейин фейсбуктагы «Мекендеш ТВ» баракчасы Куршаб айылынын тургуну Акыл Айтбаев Ташиев менен болгон жолугушуудан соң суракка чакырылганын кабарлаган.

«Башталды! Коомдук тартип бузулуптур... Уюштуруучуларды бирден алып келгиле дептир», — деп жазган ал.

Айтбаев кесиби боюнча инженер-куруучу, экономика илимдеринин кандидаты. Ошондой эле саясатчы Адахан Мадумаровдун тарапташы.

Ал буга чейин бир топ мамлекеттик кызматта иштеген. Мындан сырткары 2008-2010-жылдарда ошол кезде ӨКМди жетектеп турган Камчыбек Ташиевдин орун басары болгон.

Куршаб стадионунда чыккан чыр

25-апрель күнү Камчыбек Ташиев «Кемпир-Абад» суу сактагычы боюнча Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундары менен жолуккан. Эл Ташиевдин келешин күтүп жатканда Куршабдын тургуну Мирлан Ураимов мамлекеттик жана Ташиевге караштуу телеканалды калп маалымат таратууга айыптап, кетип да калсаңар болот деген.

«Урматтуу КТРК, ЭлТР, ОшТВ жана башкалар…“Аймак ТВ” дегени бар, орусчасын айтпай эле коёюн (Регион ТВ — редакция). Бир укмуштуудай нерселерди айтат, көрөсүздөр өзүңүздөр. Жеке каналдар, Youtube-каналдары бар — урматтуу ошолор, кымбаттуулар, элге калп маалыматты жеткизип жаткандар, “бийлик кыйратып жатат” дегендер: келиңиздер элдин үнүн угуңуздар бул жакка келип, элдин үнүн тартыңыздар. Элдин үнү элге жетсин. Бул жакта көпчүлүк айтып жатат кетип да калсаңар болот», — деген Ураимов.

Көп өтпөй Ураимовдун айткандарына журналист Акниет Кеңешов жооп берген. Ал «“7-канал” жана “Регион” телеканалдары эч кандай дежур канал эмес» деген.

«Мен Оштогу “7-каналда” үч жыл иштедим, “Региондо” эки жыл иштедим. Элдин астында иштеп келген адам боломун. Чоң-Алайга барып “Региондон” кайсы бала келди деп сурасаңыз, азыр барыңыз...элдин көйгөйүн тартып келген бала мен боломун, түшүндүңүзбү? “Регион”, “7-канал” эч кандай “дежур” канал эмес», — деп жооп берген Кеңешов.

Бирок жергиликтүүлөр Кеңешов сүйлөп атканда колунан микрофонду тартып алып, ага андан башка сөз беришкен эмес. Журналист сахнадан кете баштаганда ондогон тургундар капыстан чуркап келип, «сени эч ким чакырган жок» деген сөздөрдү айтып, стадиондон кууп чыгарышкан.

Жаңжал чыкканда милиция кызматкерлери журналистти курчап, кырдаалды турукташтырууга аракет кылган. Натыйжада Кеңешов стадиондон чыгып кетүүгө аргасыз болгон

Анда Ош ОИИБи жаңжал Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айлынын туругуну Мирлан Ураимов жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын тургунунун ортосунда чыкканын билдирген.

Ага сөз талашуу себеп болгон дешип, бирок эки тараптын бири-бирине доосу жок болгондуктан алар коё берилгенин белгилешкен.

Кеңешов жана Ураимов тууралуу

Акниет Кеңешов. Сүрөт Кеңешовдун фейсбуктагы аккаунтунан алынды.

Кеңешовдун социалдык баракчасында ал «7-канал» жана «Регион» телеканалында иштейт деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал Камчыбек Ташиевдин айылдашы. Барпы айылы Ташиевдин да кичи мекени.

Мындан сырткары ал шаардык кеңештерге болгон шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын колдогон. Аталган партияны Ташиев менен байланыштырып келишет. Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине ушул партия менен аттанып, депутаттык мандатка илинген.

Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын төрагасы Айбек Маткеримов да Барпы айлынан болот.

Ал эми Ураимов «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү жана бул партия менен парламенттик шайлоого катышкан. Активист «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгинен Өзбекстанга 50 гектар жер берүүгө каршы нааразычылык акциясынын уюштуруучуларынын бири. Ошондой эле ал фейсбуктагы «Мекендеш ТВ» баракчасы аркылуу «Кемпир-Абад» боюнча элдин пикирин түз эфирде чагылдырып келет.

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да «Кемпир-Абад» суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү чечимин сындаган.

«“Дежур” каналдар». Куршабда тургундар менен «Региондун» мурдагы журналисти чырдаша кетти