Ташиев: «Кемпир-Абадды» бербейбиз дедиңерби, бербейбиз, болду!

«Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгиндеги жерлер Өзбекстанга берилбейт, чек ара мурдагы бойдон калат. Мындай билдирүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев беш күндөн бери мөөнөтсүз митинг өткөрүп жаткан Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Биздин элдин талабын четке кага албайбыз, себеби биз сиздерге окшогон, сиздер шайлаган, силер алып келген бийликпиз. Биз асмандан түшкөн бийлик эмеспиз, же басып алган бийлик эмеспиз. Силер, өзүңөр алып келгенсиңер. Ошондуктан элдин талабы, элдин бүгүнкү күндөгү суроосу — биз үчүн эң негизги талап, “Кемпир-Абадды” бербейбиз дедиңерби, бербейбиз, болду!» — деди ал.

Аны менен катар, үстүбүздөгү жылы 10-майдан кийин чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Өзбекстан республикасынын делегациясы Кыргызстанга келерин кошумчалады. Алдын-ала маалыматтар боюнча, эки тараптуу сүйлөшүүлөр Ош шаарында өтөт.

Ошондой эле, Ташиев Куршаб айылынын стадионунда чогулган миңге жакын элге «чек араны тактоо боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы катары» жогорудагыдай чечим кабыл алганын, чек араны такташуу боюнча калган иштерин Аксы, Ала-Бука жана Баткенде улантарын билдирди.

«Кемпир-Абад» суу сактагычынын астындагы жана жээгиндеги жерлердин Өзбекстанга берилишине каршы чыккан Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары 23-апрель күнү мөөнөтсүз акция баштаган. Алар боз үй тигип, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан болчу.

Буга чейин эмне болду эле?

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация 24-25-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында чек араны тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Андан кийин 30-мартта Ош облусунун Өзгөн районунда жергиликтүүлөр менен жолугушкан. Анда ал Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 100 гектар жерди сураганын айтып, бирок Кыргызстан 50 гектарын берүүгө макулдашылганын билдирген.

Мындан сыткары, «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасы Өзбекстанга өткөнүн белгилеген. Ал бул чечимди туура деп айтып, суунун деңгээли түшкөндөн кийин жергиликтүү турак жайларды суу каптабай калат деген.

Суу сактагыч маселеси боюнча Ташиев мындан кийин маселе жаралбайт деп ишендирген. Сууну жергиликтүү калк пайдалана алат деп айткан.

Бирок Кара-Суунун Ынтымак айылынын тургундары «Кемпир-Абаддын» жанына боз үй тигип, Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан. Жолугушуу 19-апрелде өткөн. Анда Ташиев «эң пайдалуу келишим түзүлгөнүн» билдирип, протокол кабыл алынса «чек арада чыр-чатак болбойт» деп ишендирген.

Ошондой эле, атайын кызматтын башчысы нааразычылык акцияларды уюштургандардын аты-жөнүн билерин белгилеп, чагымчылдык болуп жатканын айткан. Натыйжада УКМКнын башчысы Өзбекстанга барып протоколду кайрадан каратып, 50 гектардын ордуна 20 гектар жерди алмашууга аракет кыларын убада кылган болчу.