Дарыланууга кеткен Камчыбек Ташиев орто жолдон кайтканын айтты

28-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланууга учуп кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул арада Камчыбек Ташиев өзү фейсбук-баракчасы аркылуу ооруканага жетпей, кайра Кыргызстанды көздөй келе жатканын билдирди. Анын айтымында, ал ден соолугу начарлаганына байланыштуу Германияга дарыланууга кечээ, 28-январда учуп кеткен.

Урматтуу Кыргыз элим! Мен кечээ 28.04. эрте менен ден соолугумду каратуу учун Германияга учуп кеткен элем,бирок бугунку...

Опубликовано Камчыбеком Ташиевым Четверг, 29 апреля 2021 г.

Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгынан тышкары, чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик делегацияны да жетектейт.

28-апрель күнү кыргыз-тажик чек арасындагы Кыргызстандын Көк-Таш айылынын жана Тажикстандын Хожаи-Аъло айылынын 100-150гө чукул тургунунун ортосунда чыр чыккан. Чогулгандар бири-бирине таш ыргытышып, ок да атылган. Ошондой эле, 29-апрелге караган түнү ок атуучу куралдан жарадар болгон кыргызстандыктар бар экени айтылып, алардын бирөө көзүнө ок жеп ооруканага түшкөн.

Баткен облусунун Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Ош — Баткен — Исфана автожолундагы Төрт-Көчө аймагы жабылганын кабарлаган.

Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Тажикстандын жарандарынын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында шагыл жүктөп кетүү аракети, кийинчерээк алар мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орнотуп баштаганы себеп болгонун билдирген.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев буга чейин Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун айткан. Бирок, анын айтымында, Исфара районунун акими жетекчилигинин тапшырмасын аткаруудан баш тарткан.

Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптоодо. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатат».

Тажикстандын чек ара кызматы билдиргендей, суу сактагыч 1968-жылы эле курулуп бүтүп, толугу менен Тажикстандын аймагында жайгашкан.

«Бирок Кыргызстан бир тараптуу түрдө бул объектини басып алып, чектеш аймакта жашаган тажик тилдүү жергиликтүү тынч элге каршы атайын кызматтардын жарандык форма кийип алган жоокерлерин колдонушууда», — деп Тажикстандын чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстандын чек ара кызматы коңшу мамлекеттин чек арачылары жайылтып жаткан маалымат «чындыкка дал келбей» турганын маалымдашууда.