Чек арадагы чыр: Баткендин үч айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал киргизилди

Баткен облусунун Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу аталган облустун администрациясынан билдиришти.

Учурда тургундар коопсуз аймактарга эвакуацияланып жатат.

Азыркы тапта кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек. Алдын ала маалыматка караганда эки тараптан тең таштан жараат алып, ооруканага жаткырылгандар бар.

Ошондой эле, 29-апрелге караган түнү ок атуучу куралдан жарадар болгон кыргызстандыктар бар экени айтылды — алардын бирөө көзүнө ок жеп ооруканага түшкөн.

Чек арадагы чыр

28-апрель күнү кыргыз-тажик чек арасындагы Кыргызстандын Көк-Таш айылынын жана Тажикстандын Хожаи-Аъло айылынын 100-150гө чукул тургунунун ортосунда чыр чыккан. Чогулгандар бири-бирине таш ыргытышып, ок да атылган.

Чырга тажик тараптын «Головной» суу бөлүштүрүүчү аймагындагы электр мамыларына үч видео камераны орното баштаганы себеп болгон. Анда Кыргызстандын аскерлери алардан бул ишти токтотууну талап кылышкан.

Ал эми түшкү саат 12:25тер чамасында тажик тарап мергенчи мылтыктан ок чыгарган. Кийинчерээк эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, бирок андан майнап чыккан эмес.

Натыйжада тилкеге жакын жашаган кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосунда чыр чыккан. Анын кесепетинен үч кыргызстандык — Көк-Таш айылынын эки тургуну жана Самаркандек айылынын бир тургуну ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Ал эми «Озоди» басылмасы чырдан 15 тажикстандык жабыркаганын жазды.

Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрдүн жетекчилери «Кызыл-Бел» жана «Гулистон» чек ара көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы бейтарап жайда жолугушуп, сүйлөшкөн. Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү 28-апрель түнкү саат 23:50гө карата таш ыргытуулар токтоп, абал «салыштырмалуу турукташканын» бирдиришти.

Ал эми чек ара кызматы 29-апрелге караган түнү абал курчуганын кабарлады. Ведомство Баткен районунун Кочо-Бою тилкесинде Тажикстандын жарандары кыргызстандыктардын үйлөрүнө таш ыргытып, унааларга ок чыгарганын билдирди.

Баткен облустук милициясы тажик тараптан ок атуулар болгонун тастыктап, Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, ооруканага түшкөнүн кабарлады.

Укук коргоо органдары окуялар боюнча «Массалык башаламандык», «Ээнбаштык» жана «Киши өлтүрүүгө аракеттенүү» беренелери менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.