Мамлекеттик IT-ишканалардын кызматкерлери Жапаровго кайрылуу жолдошту

Бир катар директорлору кызматтан бошотулгандан кийин мамлекеттик IT-ишканалардын жетекчилери президент Садыр Жапаровго ачык кат жолдошту.

Алар кайрылуусунда өкмөт аппаратынын санарип трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтерековдун сөзүнө жооп беришти. Чиновник мамлекеттик беш IT-компаниянын башчыларын кызматтарынан алууга натыйжасыз башкаруу себеп болгонун билдирген болчу.

IT-компаниялардын кызматкерлери Байтереков «улуттук долбоорлордо иштеген бардык кыргызстандык IT-адистердин интеллектуалдык жана түйшүктүү ишин дискредитациялап, баркын кетирди» деп эсептешет.

IT-ишканалардын ишинин эффективдүү мисалы катары, алар иштеп жаткан мамлекеттик долбоорлорду санап өтүшкөн. Алардын арасында: Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестри, Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутуму, Электрондук кызматтар порталы жана фискалдаштыруу жана «Түндүк» электрондук алака системалары.

«Бул системалар эл аралык деңгээлде таанылган жана ЕККУ, KOICA, Эстониянын электрондук башкаруу академиясы, “Зерде” (Казакстан) улуттук корпорациясы сыяктуу эл аралык уюмдары активдүү колдоп жана башка өлкөлөрдө окшош тутумдарды киргизүүгө даяр экенин айтып келишет», — деп айтылат билдирүүдө.

Ачык катта кызматкерлер IT-ишканалар 5 млн долларга грант тартып, 425 млн сомго жакын каражат үнөмдөшкөнүн белгилешкен.

«Мамлекеттик мекемелер жөн эле отуруп, мамлекеттен бөлүнгөн субсидияларды түгөтүп жаткан жок, тескерисинче бюджетти үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Ошол эле учурда жарандарга жана бизнеске шарт түзүп, кызматтарды, маалыматтык тутумдарды акысыз колдонууга көмөктөшкөн», — деп белгилешкен кызматкерлер.

Андан тышкары, IT-адистер мекемени кайрадан түзүү маморгандарда иштеп жаткан маалыматтык тутумдардын ишин токтотуп коюшу мүмкүн деп тынчсызданып жатышат. Тынчсыздануулар бириктирүүгө да байланыштуу, анткени адистердин пикиринде ар кайсыл тутумдардын монополиясына алып келет. Башкача айтканда, бардык тутумдар бир мамлекеттик мекемеге баш ийип, маморгандар алардан көз каранды болуп калат.

«Мамлекеттик мекемелер биригип, жетекчилиги алмаша турган болсо адистер менен программисттер жумуштан кете баштайт. IT-адистер коммерциялык ишканаларга ишке орношуп же чет өлкөлөргө кетишет. Алар монополияга айланган мамишканадан өсүү перспективасын көрүшпөйт», — деп айтылат документте.

Аны менен катар, мекеме кызматкерлери жазган катында, азыркы убакта эле айрым ишканалар негизги тутумдарды каржылоого каражаты жок калышкан.

«Өкмөттүн токтомуна карабай, азыркы күнгө чейин айлык акылар бекитилип, берилген эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

IT-кызматкерлер Байтерековдун билдирүүсүнөн кийин мамлекетке иштеген программисттер азыр деле кызматтан кетип, ишмердүүлүгүн мамлекет менен байланыштырбаганга даяр экенин белгилешкен.

Алар мындан улам өлкөдөгү санариптештирүүнү өнүктүрүүгө доо кетет деп кооптонуп жатышат.

Директорлордун бошотулушу жана Байтерековдун билдирүүсү

Мамлекеттик IT-компаниялардын бир катар директорлору кызматтарынан бошотулганы 23-апрелде маалым болгон. Анда Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы «башкарууну жана штаттык тизмени оптимизациялоо, анын ичинде административдик жана операциялык ресурстарды үнөмдөөгө багытталган кайра түзүмдөштүрүү максатында» өз ишканаларынын бир катар директорлору бошотулганын кабарлаган.

Кийин Интернет-саясатынын жарандык демилгесинин башчысы Татту Мамбеталиева, IT-мекемелер өкмөт жүргүзгөн саясатка каршы чыгышканын, ошол себептүү жаза катары директорлору кызматтан алынганын билдирген. Ошондой эле, ал өкмөттүн IT-ишканаларды борборлоштуруу аракетин коррупциялык схема түзүү катары баалаган.

Муну менен бирге, Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азиз Абакиров мамлекет санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн максаттарын түшүнбөй жатат деп билдирди. «Бул [борбордоштуруу], аткарылган жумуштун баарын артка тартат» деп кошумчалаган.

Аны менен катар, өкмөттүк аппараттын санарип трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков үч жыл мурда түзүлгөн мекемелер ушул күнгө чейин киреше таба элек экенин билдирген. Ал ушул аралыкта аларды камсыздоого мамлекеттен каражат бөлүнүп келгенин айткан.

«Азыркы учурда төрт ишкана тең дотацияда. Биз муну начар башкаруу деп эсептейбиз. Ишканалар мамлекеттик кызматтар порталы, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында маалыматтык системалардын программалык жабдууларын даярдап, “Түндүк” бренди алдында мекемелер аралык аракеттешүү системасын иштетүү менен алек болушкан», — деп билдирген Таалай Байтереков.

Мындан тышкары, өкмөт бул ишканаларды бириктирүүнү көздөйт. Байтерековдун ою боюнча, ишканаларды бириктирүүдөн сапаттуу продукт жаралат. Ошондой эле, ал мындан кийин жарандар мамлекеттик органдар менен аракеттешүүсү жеңилдейт деп эсептейт.

«Кыргызстандыктар смартфонуна бир нече колдонмону жүктөп, көптөгөн сырсөздөрдү эсинде тутуп жүрүүгө зарылдык калбай калат», — деп ал кошумчалады.

Дагы окуңуз: Өкмөттүн IT-мекемелеринин жетекчилерин бошотууга натыйжасыз башкаруу себеп — Байтереков

Өкмөттүн IT-тармагындагы беш мекеме башчысын бошотууга эмне себеп болгону айтылды