Өкмөттүн IT-мекемелеринин жетекчилерин бошотууга натыйжасыз башкаруу себеп — Байтереков

Мамлекеттик төрт IT-компаниянын башчыларын кызматтарынан алууга натыйжасыз башкаруу себеп болгон. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын санарип трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков 27-апрелде брифингде билдирди.

Чыгымдар жөнүндө

Анын айтымында, үч жыл мурда түзүлгөн мекемелер ушул күнгө чейин киреше таба элек. Бул аралыкта аларды камсыздоого мамлекеттен каражат бөлүнүп келген.

«Мамлекеттик ишкана акча таап, анын эсебинен өз персоналынын эмгек акысын төлөп, тапкан кирешесинин 50% бюджетке которушу керек. Азыркы учурда төрт ишкана тең дотацияда. Биз муну начар башкаруу деп эсептейбиз. Ишканалар мамлекеттик кызматтар порталы, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында маалыматтык системалардын программалык жабдууларын даярдап, “Түндүк” бренди алдында мекемелер аралык аракеттешүү системасын иштетүү менен алек болушкан», — деди Таалай Байтереков.

Ал мындай компаниялар бизнеске кызмат көрсөтүү менен же программа жазып, аларды маалымат технологиялар рыногуна алып чыгып сатуу менен киреше тапса болорун кошумчалады. Бирок андай иштер жүргөн эмес.

«Үч жыл аралыгында алар республикалык бюджеттен каржыланып келишти. Демек, каражат табууга аракет да кылышкан эмес. Быйыл дагы ушул мамлекеттик мекемелерди каржылоого 150 миллион сомго жакын каражат сурашты. Ошол эле учурда, алардын ар биринде 25-30дан ашпаган кызматкер иштейт. Арасында алты-жетиси гана программист, калган кызматкерлер — административдик персонал», — деп жыйынтыктады Байтереков.

Оптимизация жөнүндө

Мындан тышкары, санариптик трансформация бөлүмүнүн жетекчиси бардык мамлекеттик IT-ишканаларды бириктирүү пландалып жатканын бышыктады. Мындайча, өкмөт административдик штатты кыскартып, көбүрөөк программисти жалдоону коздөйт.

«Оптимизация рынокто суроо-талабы чоң, сатыкка чыгарууга жараган сапаттуураак продукцияны өндүрүү үчүн керек. Менчик формасы кандай болорун айта албайм, бирок бирок бир ишкана же мекеме болот», — деди Байтереков.

Анын пикиринде, оптимизация жүрбөгөндүктөн карапайым эл электрондук бюрократияга кабылууда.

«Ар бир мекеме өз дүйнөсүндө жашайт, бирдиктүү талаасы, аймагы жок. Калк үчүн бардык маморгандар менен өз ара аракеттенүү үчүн бир колдонмо, бир түйүн керек. Бул ишке ашса кыргызстандыктар бир нече сыр сөздөрдү жаттап жана бир нече колдонмо жүктөп убара болбойт», — деп белгилейт ал.

IT-компаниялардын башчыларын бошотуу 

Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы 23-апрелде «башкарууну жана штаттык тизмени оптимизациялоо, анын ичинде административдик жана операциялык ресурстарды үнөмдөөгө багытталган кайра түзүмдөштүрүү максатында» өз ишканаларынын бир катар директорлору бошотулганын кабарлаган.

Буга чейин бир нече жалпыга маалымдоо каражаты «Түндүк» (Нурия Кутнаева), «Инфосистема» (Руслан Токочев), «Соцсервис» (Аман Абдылдаев), «Транском» (Максат Осмонов) жана «Укук» (Улугбек Юсупов) мамлекеттик ишканаларынын директорлору кызматынан кетирилгени жөнүндө өз булактарына таянып маалымдашкан.

«Милдеттүү эмес каржылык жана административдик чыгымдар аныкталган. Мындан тышкары, айрым мамлекеттик ишканалар өзүн-өзү каржылап ишмердигин жүргүзүшсө, калгандары мамлекеттик бюджеттин түздөн-түз субсидиясынын эсебинен камсыздалышкан», — деп ошондо билдиришкен Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынан. 

Тема боюнча: Өкмөттүн IT-тармагындагы беш мекеме башчысын бошотууга эмне себеп болгону айтылды