Чек арадагы атышуудан «Бөрү» отрядынын үч аскери каза болду

29-апрель, 2021-жылы. Көк-Таш айылы. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптуу атышуудан «Бөрү» отрядынан үч кыргыз аскери каза болду. Ошондой эле дагы 20 аскер ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты.

Каза болгондордун бири офицер Эсентур Кубанычбек уулунун сөөгү 30-апрелде Ат-Башыга жөнөтүлдү.

УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда эки аскердин абалы оор деп бааланууда.

Чек ара кызматынан 29-апрелде тажик тарап кыргызстандын заставаларына жана чек ара бекеттерине массалык түрдө ок чыгарганын билдирген. Буга жооп кылып «Бөрү» отряды Тажикстандын Хожа-Аъло чек ара заставасын басып алган.