Баткендеги чек ара чырынан каза болгон аскердин сөөгү Ат-Башыга коюлат

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан каза болгон офицер Эсентур Кубанычбек уулунун сөөгү Ат-Башыга жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Клоопко» маркумдун жакын досу Урмат Нурсейит уулу билдирди.

Анын айтымында, Кубанычбек уулу Нарындан Баткенге эки апта мурун которулуп келген.

«Эсентур жетим өскөн бала болчу. Үч бир туугандын ортончусу. Ал январь айында 30 жашка чыккан. Ак-Муз айылында 8-класска чейин билим алган. Кийин Дайыр Асанов атындагы аскер лицейин окуп, андан кийин Орусияда 5 жыл чек ара адистиги боюнча билим алган», — деп эскерди ал.

Ошондой эле, ал буга чейин атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын Нарындагы жетекчисинин орун басары болгон. Эки жума мурда ушул отряддын Баткендеги жетекчисинин орун басары болуп которулганын кошумчалады.

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Иса уулунун айтымында маркумдун жакындарына түн ичинде кабар берилген.

«Маркумдун жакындарына кабарды кечинде угузуп, боз үй тиккенбиз. Андан сырткары 5000 сомго азык-түлүк алып келип берип, үйүнүн тегерегин ирээттеп жатабыз», — деп айыл өкмөт башчы «Турмуш» басылмасына билдирген.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдан 29-апрелде «Бөрү» отрядынын үч жоокери каза болгон. Мындан тышкары, 20 жоокер ар кандай жаракат алган, эки аскердин абалы оор деп бааланууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр

Жаңжал 28-апрелде башталган. Ошол эле күнү эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. 29-апрелде чыр-чатак курчуп кеткен — эки тараптан тең курал-жарактар колдонулган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитети Тажикстан ИИМинин атайын багыттагы аскерлер бөлүмү жана жоокерлери Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу тосмосун 29-апрелде саат 14:00до миномёт, пулемёт жана автоматтар менен жапырт аткылоону баштаганын билдирген.

Чек арадагы ок атышуудан улам Баткен жана Лейлек райондорунан 20 миңге чукул жаран коопсуз аймактарга көчүрүлгөн. Ал эми Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери чек арага жакын жайгашкан Көк-Таш айылынан 600дөн ашуун адам эвакуацияланганын кабарлаган.

30-апрелде таңкы саат 07:50гө карата берилген маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 134 киши жабыркап, алардын ичинен 13 киши набыт болду.

Саламаттык сактоо министрликтин маалыматына ылайык, жабыркагандардын арасынан 25 адам атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Алар Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган. Алардын экөөсүнүн абалы оор, калгандарыныкы орто оор жана салыштырмалуу канааттандыраарлык деп бааланууда.

Тажик тараптан дагы жабыркагандар жана каза тапкандар бар. «Азия-Плюс» басылмасы жеке булактарына таянып, 90го жакын адам жарадар болуп, 10го чукул адам набыт болгонун жазган.