Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов Баткенде жолугушуп, ок атууларды токтотуу жана аскерлерди алып чыгып кетүү боюнча протокол кабыл алышты.
Ташиевдин айтымында, ушул убакта жолугушуп сүйлөшүү эки өлкө үчүн оор болгон. Ал кабыл алынган чечимдер иш жүзүндө аткарылат деп аябай үмүт кыларын белгиледи.
«Эки тараптын кызыкчылыгы камтылган төрт бөлүктөн турган протоколду кабыл алдык. Ооба, Кыргызстандын жана Тажикстандын эли кыжаалат болуп турат, өтө оор учурду башынан кечирүүдө. Эки тараптын трагедиясы болду. Ушундай убакта жолугуп, сүйлөшүү биз үчүн оор болду. Ага карабай эки өлкөнүн башчыларынын тапшырмасы менен бул ишти алып бардык. Жыйынтыгында чек ара аймагындагы ок атууларды толук токтотуу жана аскерлерди алып чыгып кетүү келишимине жетиштик. Бүгүндөн тарта кудай кааласа биздин өлкөлөрүбүздө тынчтык, бейпилдик болот. Айрыкча чек ара аймактарында», — деди Ташиев.
Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов жолугушууда кыргыз-тажик жеринде стабилдүүлүктү, тынчтыкты камсыз кылуу үчүн принципиалдуу макулдашууга жетишкендерин кабарлады.
«Бүгүн бизде өлкө башчыларыбыздын демилгеси менен сүйлөшүү өттү. Чек аралаш аймактарда болуп өткөн трагедия эч качан кайталанбаш керек. Анткени бул аймакта биздин эл көптөн бери, узак тарыхый убактан бери жашап келишет. Элдер аябай ынтымактуу, алар бири-бирине эч кандай доосу жок. Биз саясатчылар бардык маселерди чечип, элге ынтымакта, тынчтыкта жашаганга мүмкүнчүлүк берүүбүз керек. Мен муну кыла алашыбызга, жакын арада бардык көйгөйлөрдү чечишибизге жана биздин эл дайымкыдай достукта, бири-бирин түшүнүп стабилдүүлүктө жашайт деп ишенем», — деди Ятимов.
Чек арада чыккан чыр-чатак
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.
Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы «чырдын ырбап кетишине кыргыз жарандары себеп болгонун» билдирди. Алардын версиясы боюнча, чырды Баткен облусунун акими Акылбек Орозов баштаган. Ал «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын ташып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатканын» айтышкан.
*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. 1991-жылдагы Кыргызстан менен Тажикстандын суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.
29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.
Эки өлкөнүн министрлери 29-апрелде саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган жерлерине алып кетүүнү макулдашышкан. Бирок буга карабастан, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 30-апрелде Лейлек районунда ок атышуу уланганын билдирген.
УКМКнын Чек ара кызматы 1-майда саат 18:15ге карата кыргыз-тажик чек арасында жалпысынан кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин маалымдады.
Ошондой эле Чек ара кызматы Ош — Баткен — Исфана жолунун Жака-Өрүк тилкеси ачылганын кабарлады.
Саламаттык сактоо министрлигинин 1-майга карата маалыматына ылайык, 173 киши жарадар болуп, анын 34ү каза болгон. Жарадар болгондордун 131и катардагы жарандар болсо, 31 киши күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Калгандарынын маалыматтары такталып жатат.