Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу келишимине келди

Руслан Казакбаев жана Сирожиддин Мухриддин

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуп, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эки өлкөнүн министрлери саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишти. Ошондой эле тараптар эң жакынкы сааттарда жергиликтүү бийлик, укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жолугушуу өткөрүүгө макулдашышты.

«Министр Руслан Казакбаев кыргыз тарабы башка аймакка көз артпай тургандыгын жана өзүнүн жерин эч ким менен бөлүшүү ниети жок экендигин белгилеп кетти. Бул жааттан алганда бардык чек ара жана чарба маселелери кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын алкагында жогорку өкүлдөрдүн катышуусу менен сүйлөшүүлөр столунда чечүү зарылдыгын өзгөчө белгилеп кетти», — деп берилет министрликтин билдирүүсүндө.

Азыркы тапта чек ара чыккан чырдан улам Кыргызстандан 30 адам жарадар болуп, бир киши каза болгону белгилүү. Ал эми тажикстандык ЖМКлар 31 киши жаракат алганын жана үч адам каза тапканын жазышты — жарадар болгондордун арасында Исфара шаарынын мэри да бар.

Баткендин жергиликтүү бийлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте чек арага чектеш айылдардан 848 жергиликтүү тургунду эвакуациялады.

Саат 14:00дө Тажикстандын аскерлери «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын миномет, пулемет жана автоматтардан аткылап баштаганы кабарланган. Кийинчерээк алар кыргызстандык «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук», «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттерине ок чыгарган. Минометтон аткылоонун кесепетинен «Достук» чек ара бекетинин имараты күйүп кетти.

Ал эми Кыргызстандын атайын багыттагы «Бөрү» отряды Тажикстандын аракеттерине жооп кылып, Хожа-Аъло чек ара заставасын басып алды.

Бишкекте Баткендеги чек ара чырына байланыштуу «Баткен сен жалгыз эмессиң!» деген тилектештик митинги өттү. Чогулгандар бийлик өкүлдөрүнөн чыр чыккан жерге барып, маселени чечүүнү талап кылышкан. Митингчилерге спикер Талант Мамытов башка депутаттар менен чыгып, кырдаал «президенттин көзөмөлүндө экенин» билдирген. Митинг азыркы учурга чейин аяктай элек.

Ал эми өлкө башчы көйгөйдү дипломатиялык жол менен чечүү тапшырмасын Тышкы иштер министрлигине жана вице-премьер Артем Новиковго берип, элди «чагымчылдыкка алдырбоого» чакырды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты, жаракат алгандар бар

Тажик тарап камераларды албай койгондуктан чыр чыкты — Суваналиев

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Жергиликтүүлөр окуянын чоо-жайын айтып беришти