Лейлекте Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлеринин орун басарлары жолукту

Кыргызстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков жана Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Иброхимзода Нозим. Сүрөт: ИИМ

Кыргызстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Иброхимзода Нозим менен Лейлек районундагы Интернациональное айылынын аймаганда жолукту. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Анда Лейлек районунун айылдарындагы абалды турукташтыруу, чек арага чектеш айылдарда коомдук тартипти жөнгө салуу, ар кандай укук бузууларга жол бербөө маселелери талкууланды. Ошондой эле, кыргыз жана тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн уюштуруу, ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо маселелери да козголгон.

Эки тарап тең тезинен бекем тартип орнотуу, ок атышууларга жол бербөө, жарандардын коопсуздугун сактоо жана ушул багытта биргеликте тартипти орнотуу маселелерин макулдашты.

Лейлек районундагы Баткен облусунун жана Согди облусунун күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү толугу менен Өмүрзаков жана Нозимдин көзөмөлүндө болору белгиленди. Учурда Баткен облусунун Лейлек районундагы абалды толук турукташтыруу жана коомдук тартипти сактоо боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө.

Ал эми УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал саат 15:00гө карата чыңалуу эле бойдон экенин билдирди.

Андан сырткары тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, аскерлери менен аскерий техникасын Кыргызстан менен чектешкен аймактарына алып келүүнү улантып жатканы айтылат.

«Көк-Таш айылынын жанынан тажик тарап транспорттук каражаттарды маал-маалы менен аткылап жатат», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, бүгүн саат 13:35те Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Уларбек Шаршеев сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Тажикстанга жөнөп кеткен.

Чек арада тутанган жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы «чырдын ырбап кетишине кыргыз жарандары себеп болгонун» билдирди. Алардын версиясы боюнча, чырды Баткен облусунун акими Акылбек Орозов баштаган. Ал «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын ташып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатканын» айтышкан.

*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. 1991-жылдагы Кыргызстан менен Тажикстандын суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн министрлери 29-апрелде саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган жерлерине алып кетүүнү макулдашышкан. Бирок буга карабастан, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 30-апрелде Лейлек районунда ок атышуу уланганын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин 1-май саат 13:00гө карата маалыматына ылайык, 163 киши жарадар болуп, анын 33и каза болгон.