Чек арада чыккан чырдан 34 киши каза таап, 173 киши жарадар болду

Баткен облусу. 1-май 2021-жыл. Сүрөт: Айбике Адилет кызы

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгон кыргызстандыктардын саны 34кө жетип, 173 адам жарадар болду. Каза болгондордун арасында бир өспүрүм кыз бар. Бул тууралуу 1-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйында билдирди.

Жаракат алган 49 адам Бишкекке алынып келинип, алардын үчөөнүн абала өтө оор. Калган жабырлануучулар Баткен облустук саламаттык сактоо мекемелеринде дарыланып жатат.

«Дары-дармектер жана кандын өлчөмү стационарларда жетиштүү. Учурда дарыгерлер тобу эвакуцияланган жарандарга күнү-түнү медициналык жардам көрсөтүп, акысыз дары-дармектер таратылып жатат», — деди ал.

Баткен облусундагы эвакуциаланган адамдардын жалпы саны 28 350 адамга жеткен. Алардын 15 505ин жаш балдар түзөт.

Солтонкулова эвакуация болгон жерде азык-түлүк аз экенин белгилеп, жол жабык болгондуктан жардамды самолёт менен гана жеткирүүгө мүмкүн экенин билдирди.

Тажик бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алып, 10го жакын киши каза болгонун маалымдашты.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын саат 11:30га карата берген маалыматы боюнча тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы жолду толук жапкан. Анда Тажикстандын аскердик техникасы тажик-кыргыз чек арасына багыт алганы байкалганы жазылат.

Чек арада чыккан чыр-чатак

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы «чырдын ырбап кетишине кыргыз жарандары себеп болгонун» билдирди. Алардын версиясы боюнча, чырды Баткен облусунун акими Акылбек Орозов баштаган. Ал «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын ташып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатканын» айтышкан.

*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. 1991-жылдагы Кыргызстан менен Тажикстандын суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн министрлери 29-апрелде саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган жерлерине алып кетүүнү макулдашышкан. Бирок буга карабастан, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 30-апрелде Лейлек районунда ок атышуу уланганын билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тараптар экинчи жолу аскерлерди аймактардан алып чыгып кетүү боюнча макулдашканын айтты. Баткен облустук ОИИББи 1-майга караган түн тынч өткөнүн билдирди.

ТЕМА БОЮНЧА: УКМК: Тажикстандын аскерий техникасы тажик-кыргыз чек арасына багыт алганы байкалды

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды