УКМК: Тажикстандын аскерий техникасы тажик-кыргыз чек арасына багыт алганы байкалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын саат 11:30га карата берген маалыматы боюнча тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы жолду толук жаап алды.

Атайын кызмат кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу чыңалуу бойдон экенин билдирди.

«Тажикстан тараптан тажик-кыргыз чек арасын көздөй аскерий техникалар багыт алганы байкалды», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин УКМК саат 9:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин билдирип, 1-майга караган түнү ок атышуулар катталбаганын билдирген. Андан сырткары Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташканын маалымдаган. Ошондой эле, Ош — Исфана жолунун Жака-Өрүк жана Төрт-Көчө аймактары тазаланып, жол ачылганы айтылган.

Чек арада чыккан чыр-чатак

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы «чырдын ырбап кетишине кыргыз жарандары себеп болгонун» билдирди. Алардын версиясы боюнча, чырды Баткен облусунун акими Акылбек Орозов баштаган. Ал «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын ташып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатканын» айтышкан.

*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. 1991-жылдагы Кыргызстан менен Тажикстандын суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн министрлери 29-апрелде саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган жерлерине алып кетүүнү макулдашышкан. Бирок буга карабастан, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 30-апрелде Лейлек районунда ок атышуу уланганын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин 30-апрелдин кечки саат 18:00гө карата маалыматына ылайык, 154 киши жарадар болуп, анын 31и каза болгон. Жарадар болгондордун 121и катардагы жарандар болсо, 23 киши күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү.

Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тараптар экинчи жолу аскерлерди аймактардан алып чыгып кетүү боюнча макулдашканын айтты. Баткен облустук ОИИББи 1-майга караган түн тынч өткөнүн билдирди.