Чек арада чыккан чырдан 31 киши каза болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жалпысынан 154 киши жарадар болуп, анын 31и каза болду. Жарадар болгондордун 121и катардагы жарандар болсо, 23 киши күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Бул тууралуу 30-апрелде маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Ал ошондой эле жарадар болгон 49 адам Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылганын кошумчалады.

«Дары-дармектер жана кандын өлчөмү стационарларда жетиштүү. Баткендеги жабырлануучуларга саламаттык сактоо министри баш болгон 32 дарыгер практикалык-медициналык жардам көрсөтүп жатат», — деди ал.

Солтонбекова «Каба уулу Кожомкул» атындагы спорт сарайында «Баткенге жардам» штабы түзүлүп, ыктыярчылар жарандардан жана бизнес өкүлдөрүнөн келген жардамды кабыл алып жатканын билдирди.

Мындан тышкары Ош шаардык психикалык борборунун төрт дарыгери Баткен облусуна жөнөтүлгөн.

Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткенге 22 дарыгер жиберген. Бүгүн Алымкадыр Бейшеналиев тогуз дарыгер менен Баткенге учуп кеткен. Жалпысынан Баткенге Талас жана Бишкектен 31 дарыгер жөнөтүлдү. Министрлик учурда дарыгерлердин резервин түзүп жатат.

Ошондой эле Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткендеги жабыркагандар үчүн кан тапшырса болоорун билдирген.

Чек арада чыккан чыр-чатак

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы «чырдын ырбап кетишине кыргыз жарандары себеп болгонун» билдирди. Алардын версиясы боюнча, кыргызстандыктарды Баткен облусунун акими Акылбек Орозов баштаган. Ал эми «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын ташып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатканын» кабарлаган.

*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. 1991-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин чыр-чатакты баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн министрлери 29-апрелде саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүүнү макулдашышкан.

Бирок буга карабастан, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 30-апрелде Лейлек районунда ок атышуу уланып жатканын билдирген.

Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тараптар экинчи жолу аскерлерди аймактардан алып чыгып кетүү боюнча макулдашканын айтты.