ТИМ: Түркия Баткенди калыбына келтирүүдө жардам берүүгө даяр

1-майда Түркиянын демилгеси менен Кыргызстан жана Түркиянын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсү боюнча, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан зыян тарткандарга түрк тарап медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин маалымдады.

Ошондой эле, Чавушоглу чыр-чатак болгон аймакта социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык калыбына келтирүү иштеринде ар тараптуу жардам көрсөтүүгө Түркия даяр экенин билдирди.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өз кезегинде 30-апрелде кыргыз жана тажик тарап согуш аракеттерин токтотуу жана чектеш аймактардан жоокерлерди, аскер техникаларын артка кайтаруу боюнча эки тараптуу макулдашууга жетишилгенин билдирди.

Түркиянын өкүлү кырдаалды турукташтыруу жана мындан ары чыңалууну курчутпоо боюнча эки өлкөнүн аракеттерин колдой турганын айтты.

Чек арада чыккан чыр-чатак

Жаңжал 28-апрелде «Головной» суу бөлүштүрүүчү жерден башталган. Ошол эле күнү эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. 29-апрелде чыр-чатак курчуп кеткен — эки тараптан тең курал-жарактар колдонулган.

Саламаттык сактоо жана соцөнүгүү министрлигинен 1-майда саат 18:30га карата жалпы каза болгондордун саны 34 кишиге жеткенин билдиришкен, алардын арасында Лейлектин 2008-жылы туулган тургуну, 12 жаштагы кыз болгон. Жарадар болгондордун жалпы саны 173 киши, 49у Бишкекке дарыланууга жеткирилген.

Баткен облусундагы эвакуциаланган адамдардын жалпы саны 28 350 адамга жеткен. Алардын 15 505ин жаш балдар түзөт.

Тажикстандын бийлиги өз тарабынан канча киши каза болгону жана жабыркаганы жөнүндө расмий маалыматтарды али бере элек. Айрым ЖМКлардын маалыматы боюнча, 90го жакын адам жарадар болуп, 10го чукул адам набыт болгонун жазган.

30-апрель күнү кечинде тараптар аскер техникаларын аймактан чыгаруу жана унаа жолдорун ачуу боюнча кабар беришкен. Бирок 1-майда акыбал кайрадан курчуп баштаган. Тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы Ош — Исфана жолун тосуп алган.

УКМКнын Чек ара кызматынан 1-май күнү саат 12:45ге карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде «кырдаал чыңалуу», Лейлек районунун Арка жерлигинде тажик аскер кызматчылары Кыргызстандын жарандарнын турак жайларына карат ок чыгарып жатышканын деп маалымдаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 11:30да тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы жолду толук жаап алганын билдирген. Бул тилке Баткен районуну менен Лейлек районунун байланыштырат. Ошондой эле жол жабылгандыктан Баткен районунун бир нече айыл өкмөттөрүнө да жетүү мүмкүн эмес болуп калган.

Садыр Жапаров менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон телефон аркылуу эки жолу сүйлөшүп, натыйжада жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү пикирине келишкенин билдиришкен.

Кыргызстандын чек ара кызматы 2-май күнү саат 9:30га карата берген маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу.

2-майга караган түнү ок атышуу жана башка окуялар катталган жок. Ош — Исфана жолу аркылуу транспорт тоскоолдуксуз жүрүүдө. Ошондой эле, мекеме эки тарап куралдуу күчтөрүн туруктуу жайгашкан жерлерине алып чыгып кетүүнү баштаганын билдирди.