Баткенге өзгөчө макам берүү. Парламентке кезексиз тартипте каралуучу мыйзам долбоору киргизилди

«Баткен облусунун макамы жөнүндө» мыйзам долбоору парламентке кезексиз тартипте кечиктирилгис катары киргизилди. Бул тууралуу 4-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор президенттин тапшырмасы менен иштелип чыккан. Ага ылайык, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн Баткен облусуна өзгөчө макам берүү сунушталууда.

Мыйзамдын долбоору өкмөттүн сайтына коомдук талкуу үчүн 2021-жылдын 2-апрелинде жайгаштырылган. Андан кийин ага коомчулуктан түшкөн бир катар эскертүүлөр менен сунуштар кошулуп, кошумча кайра иштетүүдөн өткөрүлгөн. Мыйзам долбоорун 3-майда өкмөт жактырып, ал дароо парламенттин кароосуна киргизилген.

«Өзгөчө макам» деген эмне

Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору облус жетекчисинин ыйгарым укуктарын күчөтүү, жеңилдетилген каржылоо механизмдери, облусту өнүктүрүүнүн бюджетин түзүүнүн өзгөчө тартиби, өзгөчөлөнгөн салык режимин киргизүү, инвесторлор үчүн мамлекеттик кепилдиктер жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн өзгөчө режими сыяктуу артыкчылыктарды болжолдойт.

Облустун аймагына өлкөнүн мыйзамдары менен аныкталган өзгөчө преференциалдык (жеңилдетилген) салык жана инвестияилык режим орнотулат.

Андан тышкары, 2022-жылдан тартып жалпы билим берүү жана маданий мекемелер республикалык бюджеттен каржыланышы мүмкүн.

Облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, ошондой эле анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын координациялык кеңеш түзүлөт. Кеңештин ишмердүүлүгүнүн тартибин өкмөт аныктайт.

Баткен облусуна өзгөчө макам берүү процесси Тажикстан менен чектеш аймактагы ок атуулардан кийин тездетилди. Буга чейин, 2021-жылдын февраль айында бул демилге тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов сөз кылган. Анын айтымында, Баткенде такталбаган чек ара аймактары бар жана «облустта абал өтө курч» болгондуктан өкмөт бул маселени көтөргөн.

Кийинчерээк Баткен болусунун чек ара аймактарындагы айылдардын тургундары менен жолугушууда бул пландарда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев дагы бышыктаган. Ал эгерде облуска өзгөчө макам берилсе, ал жерде генерал-губернатор иштей баштаарын айткан. Ал бийлик орган башчыларын өзү дайындап, өзү бошотуп, маселени жеринде өзү чечүү ыйгарымына ээ болот.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2021-жылдын 15-февралында Өмүрбек Суваналиев дайындалган. Буга чейин Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлык кызматын аркалаган. Бул кызматтан ал 2020-жылдын 10-октябрында бошотулган.

Мыйзам долбоорун Айыл-чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги иштеп чыккан.

Демилгечилер, өзгөчө макам берүү облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүп, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууну шарттайт деп белгилешкен. Бул бизнести өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын, ошондой эле өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан факторлордун алдын алууга жол ачат.

Анда бийлик аймактын көптөгөн көйгөйлөрү менен катар чек арадагы делимитация жана демаркация иштери жыйынтыкталбай жаткандыктан, чектеш аймактарда жаңжал чыгып жатканын белгилеген.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Анда эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кийинчереек ок атуулар башталган. Жаңжал тажик тараптын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

Эки мамлекеттин башчылары бир нече жолу ок атууларды токтотуу жана аскер күчтөрүн жаңжал чыкакан аймактардан чыгарып кетүү келишими жетишилгенин айтышканы менен келишим кайрадан бузулуп турган.

1-май күнү кечке маал Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолугуп, эки тарап «максаттуу маккулдашууга» жетишип, төрт пункттан турган протоколго кол койгонун билдирген. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарган.

Саламаттык сактоо министрлиги 4-майда саат 11:00гө карата ок атуунун кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза болуп, 189 адам жабыркаганын маалымдаган.

Тажикстандын бийлиги чек ара тилкесиндеги кагылышууда жабыр тарткандар жана кыйраган имараттар тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Озоди радиосунун маалыматына караганда, жаңжалдан бери дегенде 16 тажикстандык каза тапкан жана 90 киши жабыркаган.