Жапаровду сындап жүргөн Суваналиев Баткен облусун жетектемей болду

Өмүрбек Суваналиев. Сүрөт: Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Премьер-министр Улукбек Марипов 15-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Өмүрбек Суваналиевди дайындады. Суваналиев бүгүн жамаатка тааныштырылды.

Буга чейинки ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Ал эми анын орун басары Жаркынбек Максутов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Маруфхан Тулаев дайындалды.

Суваналиев буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын ээлеп, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Ал эми шайлоодон кийинки саясий кризис учурунда Суваналиев өзүн күч органдарынын координатору деп жарыялап, УКМКнын имаратында иштеген.

Кырдаал турукташа баштагандан кийин 9-октябрда аны УКМКнын кызматкерлери атайын органдын имаратынан чыгарып салышкан. Ал эми 10-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков аны ээлеген кызматынан бошоткон.

Суваналиев буга чейин айрым саясий партиялардын артында криминал турганын жана президент Садыр Жапаров «зектер менен жакшы мамиледе» болгонун билдирген.

«Садыр Жапаров колониядан келди. Ал абакта көп жыл отурду. Баардык «зектердей» эле жашап келген. Демек, алар менен жакшы мамиледе. Эмнеге ал өз сөзүндө, Кумтөр жана Раим миллион тууралуу сүйлөп жатат? Ал эми, кылмыш топтору жөнүндө эч нерсе айтпайт? Отуруп чыккан адамдар «түшүнүк» боюнча жашашат. Ошондуктан, аларды реабилитация кылуу зарыл. Эгерде, алар кызматка аттанган болсо, анда аларга реабилитация керек», — деген Суваналиев.