Чек ара кызматы: Жарылбай калган снаряддарды зыянсыздардыруу иштери жүрүп жатат

Сүрөт: УКМК

Баткен облусунун Актатыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылында сапёрлордун тобу мурун жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу максатында иш алып барышууда. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы 4-майда билдирди.

Ошондой эле, атайын кызмат кыргыз-тажик чек арасынын аймагында жашаган тургундарга жарылуунун үнү угулса дүрбөлөңгө түшпөөнү эскертти. Анткени сняряддар атайын жардырылат.

Мындан сырткары, 4-майга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында ок атуулар болбогонун жана абал туруктуу экенин маалымдашты.

Буга чейин 2-майда УКМК Орто-Боз айылына кароо жүргүзгөн учурда авиациялык ракетаны табышкан. Ракета тургундардын биринин үйүнө түшкөн, бирок жашоочулар жабыркаган эмес. Анткени ракета жарылбай калган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча ракета 29-апрелде тажик тараптын аскерлери «МИ-24» вертолётунан Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарына абадан ок аткан кезде түшкөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

1-майга чейин кагылышуулардын кесепетинен 184 киши жарадар болуп, анын ичинде 12 жаштан 60 жашка чейинки 35 кыргыз жараны каза тапкан.

Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Ал эми «Азаттык» радиосунун тажик кызматы чек ара чырында 15 тажикстандык каза болгонун жана 90 адам жабыркаганын билдирген. Алардын арасында аскер кызматкерлери жана жай тургундар бар.