Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койду. Эми өлкөдө көптөгөн нерсе, анын ичинде көптөгөн мыйзамдар жокко чыгарылып же өлкөнүн жаңы негизги мыйзамына ылайыкташтырылып кайра баштан жазылышы керек. Бирок, мыйзамдарды өзгөртүү аракети референдумга чейин эле башталган.
Юстиция министрлиги апрелдин ортосунда «“Гильотина” принциби боюнча мыйзам чыгаруу актыларынын күчүн жоготуу жөнүндɵгү» мыйзамды коомдук талкууга койгон.
Долбоор президент Садыр Жапаровдун 8-февралда мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча эксперттик топ түзүү тууралуу чыгарган жарлыгынын уландысы катары иштелип чыккан.
Дагы окуу: Мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча эксперттик топ түзүлдү. Ал эмне иш кылат?
Мыйзам долбоорунун өзүндө «Кыргызстандын бардык мыйзамдары күчүн жоготту деп таануу каралып жатканы» айтылган.
Ошол эле учурда, ликвидациялоого төмөнкү мыйзамдар кирбейт:
- конституциялык мыйзамдар;
- Кыргызстандын кодекстери;
- административдик-аймактык түзүлүш жаатындагы мыйзамдар;
- эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндөгү мыйзамдар;
- республикалык бюджет, Социалдык фонд жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жөнүндөгү мыйзамдар.
Эгерде мыйзам кабыл алынып калса, анда ал жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин гана күчүнө кирет. Бул убакыт ичинде өкмөт бардык мыйзамдарды инвентаризациялап, Жогорку Кеңеш тарабынан күчүн жоготкон эски мыйзамдардын ордун алмаштыра турган жаңы мыйзамдар менен Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана кабыл алынууга тийиш. Муну менен катар министрлер кабинети мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн узарта алат.
Мыйзам, кабыл алынган күндө өз алдынча иштебейт. Аны ишке ашыруу үчүн өкмөт атайын эксперттик топту чогулткан.
Ал укук тармактары боюнча Кыргызстандын кабыл алынган концепцияларынын, стратегияларынын, программаларынын жана мыйзамдарынын Конституцияга шайкеш келүүсүнө инвентаризация жүргүзөт. Ошол эле учурда эксперттик топ 2021-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.Аны менен катар жумушчу топ аларды «социалдык адилеттүүлүк, максатка ылайыктуулук жана таасирдүүлүк принцибине» текшерет.
Өз ишинин жыйынтыгында эксперттик топ аныкталган карама-каршылыктарды четтетүү боюнча өкмөттүн аппаратына сунуш киргизиши керек.
Андан тышкары жумушчу топ үч айдын ичинде президенттин аппаратына Конституцияга шайкеш келбеген мыйзамдардын күчүн токтотуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун алып кирет. Алар конституциялык мыйзамдарга, кодекстер жана эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу мыйзамдарга тийишпейт.
Андан ары эмне болот?
Андан соң топ алты айдын ичинде талаптарга жооп берген жана укуктук боштуктары жок жаңы мыйзамдарды кабыл алуу жана күчүнө киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгышы керек. Ошол эле кезде эксперттик топ маморгандардын да пикирин эске алышы керек.
Эксперттик топ кийинки кадамы менен «Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун иштеп чыгат. Жаңы долбоордо мыйзамдардын жана алардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын колдонулушун токтотуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн механизми жазылат.
Президентин жарлыгына ылайык, анын аткарылышын көзөмөлдөө президенттин аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнө жүктөлөт.
Эксперттер эмне дешет?
«Гильотина» принциби жөнүндө юрист Нурбек Токтакунов пикирин билдирди. Анын айтымында, гильотинанын маани-маңызы бир мыйзам менен бүткүл мыйзамдардын колдонулушу жокко чыгарылганында. Ошол эле кезде жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу үчүн болгону жарым жыл убакыт берилүүдө.
«Бул инвентаризация Конституция боюнча референдумдан кийин башталса бир жөн эле, мыйзамдарды ага ылайыктап оңдоп койгудай. Бирок андай болгон жок, “гильотина” башталды, бирок башкы прокурор Курманкул Зулушевден башка эч ким максаты менен маанисин так билбейт», — деп жазган юрист фейсбук барагында.
«Клоопко» берген интервьюсунда Токтакунов мамлекет ЕАЭБге киргенде Кыргызстанда мыйзамдарды инвентаризациялоо болгонун билдирди. Юристтин айтымында, ошол кезде биримдиктин принциптерине ылайык мыйзамдын унификациясы болгон.
«Негизи мыйзамдар жакшы иштеп баштагандан кийин инвентаризация кылса болот. Анда карама-каршылыктар, туура эмес жерлери көрүнөт, ылайык келтирүү керек экени түшүнүктүү болот. Мыйзам боюнча, жада калса бир эле мыйзамды жок эле дегенде бир ай талкуулоо керек. Ал эми бардык мыйзамдарды жапырт алмаштырганда, алар аны кыска убакытта ишке ашыра алышпайт», — деди Токтакунов.
Көз карандысыз саясий эксперт Анар Мусабаева мыйзамдарга карата «гильотинаны» колдонуу үчүн «методика дагы, инвентаризация жүргүзүү кандай тартипте өтөрү тууралуу түшүнүк дагы» жок деп эсептейт. Анын пикиринде, мыйзамдарды инвентаризациялоо үчүн «өтө кыска убакыт» бөлүнгөн.
«Бул процесстин алкагында гильотина шылтоосу менен жаңы бийлик “каалабаган” же аларга “ыңгайсыз” мыйзамдардын көбүн өткөрүп жиберүү коркунучу бар. Анын арасында коомчулук демократиялык реформанын жетишкендиги деп эсептеген, адам укугу жана бизнес жаатындагы мыйзамдар дагы бар», — деп жазган эксперт.
Мусабаева белгилегендей «Гильотина» «улуттук укук системасынын чачырашына» алып келиши мүмкүн.
«Мыйзам чегинде» демилгелүү тобунун юристи Фатима Якупбаева «гильотина» принциптери жаңы эмес экендигин, аны үчүнчү өлкөлөрдөн алынганын белгиледи
Якупбаева 2021-жылдан тартып жөнгө салуучу «гильотинаны» ишке ашыра баштаган Орусияны мисал кылды. Бул принцип менен орус өкмөтү бизнеске тоскоол болгон мыйзамдардын санын кыскартууда, ошондой эле экономикалык секирик жасоону пландап жатат.
«Ал эми биздин мамлекетте “гильотина” бардык мыйзамдардын аракетин токтотууга багытталган. “Мыйзам чегинде” демилгелүү тобуна эксперттик топтун жасаган иш аракеттеринин ачык-айкындыгы, иш алып баруу регламенти, тандоо критерийи жана көптөгөн мыйзамдардын токтошунун кесепеттери жоопсуз суроо бойдон калууда», — деди Якупбаева.
«Ханституция»
Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин орун алган саясий кризистин кесепети.
Ошол кезде башаламандыктардын шартында тарапташтары тарабынан абактан бошотулган Садыр Жапаров бийликке келген. Тарапташтарынын жардамы менен Жапаров кыска убакытта премьер-министр жана президенттин м.а. болгон. Ошол кызматтарды аркалап турганда, Кыргызстанда Конституцияны алмаштырып, президенттик башкаруу формасын алып келүү керек деген билдирүү жасаган.
2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден кийин Садыр Жапаров юристтердин, эксперттердин жана эл аралык уюмдардын сын-пикирине карабастан референдумдун маанилүүлүгү тууралуу айтканын уланткан.
Конституцияга байланыштуу референдум 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бир күндө өткөн. БШКнын маалыматына ылайык, жаңы Конституцияны 79,3% шайлоочу колдоп, 13,7%ы каршы болгон. Ал эми 5-майда Жапаров өлкөнүн жаңы Баш мыйзамына кол койду.