Президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койду. Баш мыйзамга кол коюу жана Конституция күнүнө карата иш чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон кыргызстандыктар эскерилди. Жапаров чек арадагы окуяга кайрылып, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салуу аракети болгонун белгиледи.

Кыргызстандын эң алгачкы Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылы 11-апрелде өткөн.

Ага жалпы шайлоочулардын 36,66%ы катышып, алардын ичинен жаңы Конституцияны шайлоочулардын 79,3%ы колдоп, 13,7%ы — каршы чыккан.

1-майда Боршайком жыйын өткөрүп, 2021-жылдын 11-апрелинде Конституцияны алмаштыруу боюнча өткөн референдумду өттү деп тааныган.

5-май Кыргызстанда Конституция күнү.