Бишкектин Административдик соту «Клооптун» БШКга карата доосун канааттандырган жок

Административдик сот 6-майда «Клооптун» Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн жазган доо арызын канааттандырган жок.

«Клооп» референдум жана жергиликтүү кеңешти шайлоо учурунда жол берилген мыйзам бузууларга карата берилген доо арыздар боюнча БШКнын чечимине макул эмес болгондуктан сотко кайрылган.

«Клооп» Боршайкомду сотко берди. Себебин түшүндүрөбүз

Дооматтар

Алгач «Клооп» БШКга эки арыз жолдогон. Анда Бишкек АШКнын чечимине жана бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын аракетсиздигине даттанган. «Клооптун» байкоочулары Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы бузуулар боюнча далилдерди толук кандуу карабастан чечим чыгаргандыктан БШКга кайрылган.

Арызда борбор калаадагы 26 участкада добуш саноо тартиби бузулганы жана техникалык каталар тууралуу акт түзүлбөгөнү көрсөтүлгөн. Ошондой эле, байкоочулар арызында протоколдорду кайрадан көчүрүп жазууга укуктук баа берүүнү талап кылышкан.

БШКнын жумушчу тобу Бишкек АШКсына бир нече участканын — №1014, 1128, 1138 жана 1107 — комиссия мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карап чыгуу тууралуу сунуштама берген.

Экинчи доо арызда «Клооптун» байкоочулары Кыргызстандагы көптөгөн участкаларадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана бир катар аймактык шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнүн аракетсиздигине көңүл бурууну өтүнгөн.

Жыйынтыгында, БШКнын жумушчу тобу тек гана Ош, Сокулук, Ноокат жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларына эскертүү берүүнү сунуштаган. Ал эми Ош шаардык жана Ысык-Ата райондук АШК башчыларына №5307, 5308 жана 7150 шайлоо участкаларынын башчыларына катуу сөгүш жарыялоо сунушун келтирген.

Ошол эле учурда, аталган участкаларда байкоочулар УШК мүчөлөрү референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз боло турчу мыйзам бузууга жол бергенин аныкташкан.

Мисалы, бул участкалардын экөөсүндө байкоочулар бюллетендерди урнага тутамдап таштоо фактысына күбө болушса, үчүнчүсүндө УШК мүчөлөрү байкоочулардын эскертүүсүнө карабай добуштарды кол менен саноодон баш тартышкан.

Сот

«Клоопту» Боршайкомдун чечимдери канааттандырбагандыктан, байкоочулар сотко кайрылууну чечкен. Отурумдун жыйынтыгы менен Административдик сот «Клооптун» БШКга карата доо арызын канааттандырган жок.

Бардык жагдайларды эске алуу менен сот БШК мыйзамдуу чечим чыгарган, ал эми «Клооп» басылмасынын жүйөөлөрү жөнсүз деген чечим чыгарган. Соттун чечими 6-майда күчүнө кирди, бирок «Клооп» аны даттанат.

«Клооптун» юристи Камила Тогойбаева эмне себептен «Клооп» соттун чечими менен макул эместигин түшүндүрдү.

«Биринчи кезекте сот иштин бардык жагдайларын иликтеши керек болчу. Тараптардан кошумча маалымат же далилдерди талап кылып, келтирилген далилдерге укуктук баа берип, суроо бериши керек болчу», — деди Тогойбаева.

Бирок сот Боршайкомдун өкүлүнө бир гана суроо берүү менен чектелди. Сот «Клооп» далилдерди камсыз кылган жок деген жүйөө келтирди. Бирок «Клооптун» юристтери бардык далилдер келтирилгенин, бирок көңүлгө алынбаганын белгилешти.

«Сот чечим кабыл алып жатканда, эмне себептен бир далилди башкаларга салыштырмалуу ынанымдуу деп тапканын жана кайсыл бир фактыны далилденди, экинчиси далилденген жок деген чечимге келгенин түшүндүрүп бериши керек болчу. Жогоруда айтылгандардын баары акыйкат иликтөө принциби одоно бузулганынан кабар берет», — деп эсептейт Тогойбаева.

«Клооптун» байкоочуларынын иши

Жергиликтүү кеңештерге болуп өткөн шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга «Клооп» өлкө боюнча шайлоо участокторуна 3000 чукул байкоочуну жөнөткөн.Шайлоо учурунда «Клооптун» байкоочулары шайлоо процессинде мыйзам бузуулардын ар кандай 840 учурун катташкан.

Ошондой эле «Клооп» автоматтык саноочу урналар (АСУ) берген алгачкы проколдор менен Боршайкомдун сайтында жарык көргөн жыйынтыктоочу протоколдордун ортосунда жүздөн ашуун дал келбестиктерди тапкан.

Жаңы Конституция боюнча референдум 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийин башталган саясий кризистин кесепети болду. Аны учурдагы президент Садыр Жапаров бийликти басып алары менен дароо демилгелеген.

Референдум өттү деп табылды, БШКнын маалыматы боюнча, добуш берүүгө келгендердин көбү жаңы Конституция үчүн добуш беришкен. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы азырынча чыга элек.