Кыргызстан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу коронавируска каршы күрөшүү үчүн 2020-жылы 9300гө жакын келишим түзүп, 43,8 миллион доллар сарптаган — орто эсеп менен ар бир тастыкталган учурга 500 доллар. Каражаттын негизги бөлүгү кайда жумшалды жана эмне себептен өлкөдө дары-дармек, коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги күч алды? Бул суроого «Клооптун» дата-бөлүмү жооп издеди.

Коронавирус жуктуруунун биринчи учурлары өлкөдө март айында эле катталган. Апрель айында Кыргызстан бир нече өлкөдөн, анын ичинде эл аралык уюмдардан коронавируска каршы күрөшүү үчүн финансылык жардам алган. Мындан тышкары, Финансы министрлигинин атайын эсеби ачылып, ал жакка кыргызстандыктар менен жергиликтүү компаниялар ыктыярдуу түрдө акча которушкан. 2-апрелге карата Кыргызстанга төмөнкүлөрдөн каржылык жардам келген:

  • Эл аралык Валюта Фонду — 121 млн доллар;
  • USAID (АКШ) — 913 миң доллар;
  • Германия Федеративдик Республикасы — 500 миң евро;
  • «Ас-Сафа» Кувейт кайрымдуулук фонду — 200 миң доллар;
  • Каржы министрлигинин эсеби — 985 миң доллар;
  • «Сорос-Кыргызстан» Фондусу — 100 миң доллар.

Марттын аягында Кыргызстан бардык аба жолдорун жаап, массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө койгон. Ошол эле март айында 2 млн долларга COVID-19 менен күрөшүүгө арналган товарлардын биринчи партиясы алынган: коргонуу, дезинфекциялоочу каражаттар жана дары-дармектер. Бирок март айындагы бюджеттеги каражаттардын орчундуу бөлүгү — 3 млн долларга жакын — курулуш иштерине, чарба буюмдары жана идиш-аяк, азык-түлүк, күйүүчү май, автотетиктер, мейманкана кызматы жана жолбун иттерди атууга жумшалган.

БИЗ КАНТИП ЭСЕПТЕДИК

Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулардын эки түрү бар — атаандаштык (тендер) жана атаандаштык жок (түз келишим түзүү). Тендерлик сатып алуулардын арасынан СИЗ, ИВЛ, дезинфекциялоочу каражаттар, дары-дармек жана медициналык сарптоочу материалдарды жана башка медицина багытындагы товарлар алынган учурларды коронавируска каршы күрөшүүгө киргиздик.

Түз келишимдердин ичинен өзгөчө кырдаал шартында түзүлгөндөрүн иргедик. Кыргызстанда 2020-жылдын март айында коронавирус пандемиясынан улам өзгөчө кырдаал (ӨК) режими киргизилген, ал азыр да уланууда. Жалпы өлкөдөгү ӨКдан тышкары, жергиликтүү бийлик органдары табият кырсыктары же техногендик авариядан улам мындай режим жарыяласа болот. Андыктан, иргелген келишимдердин айрымдары COVID-19 дартын дарылоого тиешеси жок болушу да мүмкүн. Бирок, мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына караганда, келишимдерди ковидге тиешеси бар-жок деп бөлүү мүмкүн эмес.

Изилдөөдө көрсөтүлгөн келишимдердин бардыгы 2020-жылы түзүлгөн.

Апрель айында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 276 адамга жетип, 8 киши каза тапкан. Ошол мезгилде мамлекеттеги көптөгөн ишканалар жабылып, коомдук транспорт токтоп, тургундарга жашаган жеринен алыс кетүүгө тыюу салынган жана талапка баш ийбегендерге айып пул салынган. Карантин чаралары таасирин берген: апрель-май айларында вирустун жайылышы орточо темпте сакталып, тез күчөп кеткен учурлар катталган эмес. Мындай шартта, өкмөт коронавируска каршы күрөшүүгө камылга көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок карантин учурунда мамлекеттик бюджеттин дээрлик жарымы шаарды оңдоп-түздөө иштерине, мейманкана, жарнама, техникалык кызматтар жана курулуш иштерине сарпталган.

Кыргызстандын ар айдагы коронавируска каршы каражаттарды сатып алуулары. Товарлардын категориясы.
Personal Protective Equipment – Жеке коргонуу каражаттары
Construction Works & Materials – Курулуш иштери жана материалдар
Medicines – Дары дармектер
Sanitizing Supplies – Дезинфекциялоочу каражаттар
Other Medical Equipment – Дагы башка медициналык жабдыктар
Medical Consumables (Except Tests) – Медициналык керектөөчү материалдар
Covid Tests & Testing – Коронавируска тесттер
Ventilator – Өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараттар жана чыгашалар
Vaccine – Коронавирустун вакциналары
Other-башкалар: азык-түлүк, күйүүчү май, эмеректер жана кошумча жабдыктар, тиричилик жана концелярдык буюмдар, офистик жабдыктар, мейманкана, жарнама жана телекоммуникация кызматтары, шаарды жакшыртуу ж.б. Булак: https://www.open-contracting.health/

Июнда карантин чараларын жеңилдетүү менен катар жеке коргонуу каражаттарына, дары-дармектерге жана башка медкаражаттарга изилденген контаракттардын суммасынын болгону үчтөн бири гана кеткен («Биз кантип эсептедик» бөлүмүн караңыз), калганы курулуш материалдарына, азык-түлүккө жана медицинага тиешеси жок кызматтарга жумшалган. Бул июлдун башында, чектөө чаралары жокко чыгарылып, ал эми оору жуктургандардын саны үч эсе өсүп кеткенде ооруканаларда жеке коргонуу каражаттары өтө жетишсиз болгон абалга алып келген.

Июлдагы дефицит

ЖМКнын маалыматына таянсак, ооруканалардагы массалык жуктурууга, анын ичинде медиктердин вируска кабылышына жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги себеп болгон. 24.kg басылмасынын эсебине таянсак, 30-июнда жалпы вирус жуктургандардын 16%ы врачтар менен медайымдар болгон.

Өлкөдө медперсоналга болгон суроо-талап кескин өскөн. Стационарлардын көпчүлүгүндө ыктыярчылар менен медицина факультетинин студенттери иштеп жатты. Эпидемиянын туу чокусунда дарыканалардан зарыл делген каражаттар жок калган. Кыргызстандын социалдык түйүндөрү жарыя тактасына айланды — адамдар врачтар жазып берген коронавирус жана пневмонияга каршы дарыларды издеп жатты. Негизинен булар антибиотиктер болчу. Көптөр фармкомпанияларга түшүп жаткан дарыларды карап турду, бирок жетишсиз дары-дармектер келгени тууралуу маалымат чыгар замат ал түгөнүп калып жатты.

Аткаминерлер коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүнгөн акчага дагы эмнелерди алышканын билгиңиз келеби?

«Клооптун» тестинен өтүңүз

Июнда медициналык каражаттарды сатып алууга мамлекеттик мекемелер 125 миң долларга жакын каражат короткон. Бул июнь айында түзүлгөн келишимдеги сумманын 3%ын гана түзөт. Салыштыруу үчүн, июндагы курулуш-иштерине жалпы келишимдеги сумманын 68% бөлүнгөн.

Бир гана «каргашалуу июлда» — оору жуктуруу эң көп катталган учур — мамлекеттик мекемелер 2020-жылдагы эң көп СИЗ жана дарыларды сатып алган. Жеке коргонуу каражаттарына эле дээрлик 5,9 млн доллар жумшалган — июндан мартка чейинки айлар аралыгынан да көп. Ал эми дары-дармекке 1 млн долларга жакын — июнга салыштырмалуу тогуз эсе көп.

Июль айында Кыргызстанда вирус жуктуруп алган 9300 учур катталган, 1380 адамда оору өтүшүп кетип көз жумган. Графикада: Кыргызстандагы коронавирустан ооруган жана каза тапкан учурларга байланыштуу сатылып алуулардын акчалай өлчөмү.
Active Cases – COVID-19 аныкталган учурлар
Death Cases – COVID-19дан каза тапкан учурлар
Total Spending/Contract Values – Мамлекеттик сатып алуулардын жалпы суммасы
Булак: https://www.open-contracting.health/

Октябрда оорунун экинчи толкуну башталган учурда гана өзгөчө кырдаалдын шартында түзүлгөн келишимдер өз максатына жеткен: акчанын басымдуу бөлүгү — келишимдердин жалпы суммасынын 83%ын — мамлекет коронавируска каршы күрөшүүчү каражаттарга сарптаган.

Башка өлкөлөр коронавируска каршы күрөшүүгө кантип даярдык көргөн?

Кыргызстанга караганда башка мамлекеттер пандемияга алдын ала даярдык көргөн. Март айында Литвада оору жуктуруунун 522 жаңы учуру катталган, ошол эле айда коронавируска каршы негизги товарлар сатып алынган — буга бардык айлардагы сатып алуулардын 88%ы кеткен. Андан ары өлкө резервди жыл бою аз-аздан толуктаган. Салыштыра келгенде, Литвада эпидемия ноябр-декабрь айларына барып гана күч алган — бул айларда активдүү учурлардын саны абдан көп катталган.

Литванын ар айдагы коронавируска каршы сатып алуулары . Товарлардын категориясы.
Personal Protective Equipment – СИЗдер
Construction Works & Materials – Курулуш материалдары жана иштери
Medicines – Дары-дармектер
Sanitizing Supplies – Дезинфекциялоочу каражаттар
Other Medical Equipment – Башка медициналык жабдуулар
Medical Consumables (Except Tests) – Медициналык керектөөчү материалдар
Covid Tests & Testing – Коронавируска тесттер
Ventilator – ИВЛ аппараттары жана керектелүүчү материалдар
Vaccine – Коронавируска каршы вакциналар
Булак: https://www.open-contracting.health/

Улуу Британияда коронавируска каршы күрөшүүчү товарларды негизинен март-июнь айларында сатып алышкан. СИЗдерди, ИВЛ аппараттарын, дары-дармектерди жана тест сатып алууга бардык коронавируска каршы күрөшүү үчүн делген сумманын үчтөн экиси сарпталган.

Улуу Британиянын ар айдагы коронавируска каршы каражаттарды сатып алуулары. Товарлардын категориясы.
Personal Protective Equipment – СИЗдер
Construction Works & Materials – Курулуш материалдары жана иштери
Medicines – Дары-дармектер
Sanitizing Supplies – Дезинфекциялоочу каражаттар
Other Medical Equipment – Башка медициналык жабдуулар
Medical Consumables (Except Tests) – Медициналык керектөөчү материалдар
Covid Tests & Testing – Коронавируска тесттер
Ventilator – ИВЛ аппараттары жана керектөлүүчү материалдар
Vaccine – Коронавируска каршы вакциналар
Булак://www.open-contracting.health/

Молдова март айында жалпы сатып алуулардын 95%ын ковидке каршы каражаттарга сарптаган, көбүнчөсү жеке коргонуучу каражаттар. Ошол маалга карата мамлекетте ковид жугузуп алган 331 учур гана катталган. Жеке коргонуучу каражаттарды жана дары-дармектерди жапырт түрдө сатып алуулар август айында, ковиддин экинчи толкуну болоор алдында ишке ашырылган. Өлкөдөгү эң көп жугузуп алуулар октябрь айына туура келет.

Молдованын ар айдагы коронавирус менен күрөшүүгө байланыштуу сатып алуулары. Товарлардын категориясы.
Personal Protective Equipment – Жеке коргонуучу каражаттар
Construction Works & Materials – Курулуш материалдары жана иштери
Medicines – Дары дармектер
Sanitizing Supplies – Дезинфекциялоо каражаттары
Other Medical Equipment – Дагы башка медициналык жабдыктар
Medical Consumables (Except Tests) – Медициналык керектөөчү материалдар
Covid Tests & Testing – Коронавирусту аныктоочу тесттер
Ventilator – Өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараттар жана чыгашалар
Vaccine – Коронавирустун вакциналары
Булак: https://www.open-contracting.health/

COVID менен күрөшүү товарларын кимдер алып келишкен

2020-жылдын март айында Кыргызстан ишканаларга керектүү товарларды атаандаштыксыз сатып алууга мүмкүнчүлүк берген өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Коронавирус менен күрөшүүгө товарларды сатып алуу келишимдеринин 86%ы товар алып келүүчүлөр менен түзмө-түз жүргүзүлгөн. Түз келишимдер убакытты үнөмдөйт, бирок товарларга жана кызматтарга болгон баанын кымбатташына алып келиши мүмкүн. Мындай жыйынтыкты Еврокеңештин мамлекеттик келишимдер боюнча анализи аныктаган.

Бюджеттик каражаттарды көбүнчөсү фармацевтикалык ишканалар алган. Бирок тейтингде медицинага тиешеси жок компаниялар дагы бар.

2020-жылы коронавируска каршы каражаттарды сатып алууга коротулган акчанын 20%ын беш ишкана өздөштүргөн. Салыштыра келгенде, COVID менен күрөшүү үчүн кызматтарды көрсөткөн жана товарларды алып келген жалпысынан 2,2 компания катышкан.

«А ГРУПП Восток» ЖЧКсы коронавируска каршы күрөшүү каражаттарын алып келгендердин арасында биринчи орунга чыккан. Компания 2,3 млн долларга келишим түзгөн. Бул ишкана темир иштетүү менен алектенет. Бардык сүйлөшүүлөрдү өзгөчө кырдаалга байланыштуу деп түшүндүрүп, келишимди бир гана АО «Жалал-Абадэлектр» компаниясы менен түзүлгөн.

Өз кезегинде «Жалал-Абадэлектр» 2,5 млн долларга сатып алууларды жасап, экинчи орунду ээлеген. Айта кетсек, 2015-жылы «Жалал-Абадэлектрдин» кызматкерлери сатып алуу актыларын жасалмалоо менен 10 млн сомду өздөштүрүп алган деп айыпталган. Ал эми 2014-жылдын апрел айында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Жалал-Абадэлектр» ишканасынын башчысы жана жооптуу кызматкерлерин мыйзамсыз эсептелген жана чыгарылып кеткен каражаттарды аныктаган. Компанияга 1,4 млн сом зыян келтирилген.

Жеткирүүчүлөрдүн сатып алуучу ишканалар менен байланышы
Construction Works & Materials – Курулуш кызматтары жана жабдыктар
Medicines – Дары дармектер
Other-башкалар: азык-түлүк, күйүүчү май, эмеректер жана кошумча жабдыктар, тиричилик жана концеляр буюмдары, офистик жабдыктар, мейманкана, жарнама жана телекоммуникация кызматтары, шарды көрктөндүрүү ж.б.
Булак: https://www.open-contracting.health/

Каражат менен камсыздоочу ишканалардын арасынан экинчи жана үчүнчү орунда «Фарварет» менен «Фирма Арасан» ишканалары турат. Аталган эки компания сатып алуулардын көлөмү боюнча республикада биринчи орунда турган өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик материалдык резерв фондунун негизги камсыздоочулары болгон. «Фарварет» бир жыл ичинде жалпы суммасы 2 млн доллар болгон 354 келишим түзгөн. Айтылган сумманын жарымы КРдин мамлекеттик резерв фондуна дары-дармек алып келүүгө сарпталган, экинчи жарымы — ооруканаларга жеке коргонуу каражаттарын алууга коротулган. «Фирма Арасан» ишканасы — бул буудай ташуучу казак компаниясы. Аталган ишкана март айында гана КРдин мамлекеттик резерв фонду менен 1,3 млн долларлык алты келишим түзгөн.

Алдыңкы катарда турган компаниялардын арасынан «Глав Строй» ЖЧКсы төртүнчү орунду ээледи. Ал 2020-жылдын апрел айында ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепетин жоюу департаменти менен бир гана келишим түзгөн. Ишкананын милдети «Манас» аэропортунун транзиттик корпусун убактылуу карантиндик санитардык пунтка ылайыктап кайра жасап чыгуу болгон. Келишимдин суммасы дээрлик 75 млн сомду түзгөн. (900 000 доллар).

Алдыңкы ТОП ишканалардын бешинчиси мурда «Лидер Азия» деп аталган азыркы «ИнтерМед ЛТД» ишканасы. Фирма $900 миң долларга келишим түзгөн. Компания ооруканаларды Жеке коргонуу каражаттары, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка медициналык товарлар менен камсыздаган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 96 миң учур катталган. 1,6 миң адам вирустан каза тапкан. Биздин эсептөө боюнча 2020-жылы ар бир инфекцияга бюджеттен $497 доллар коротулган. Бул киши башына ИДПнын дээрлик жарымына барабар. Бул Кыргызстан үчүн аябай эле чоң сумма, бирок өнүккөн өлкөлөр менен салыштырмалуу биз эпидемияга аябагандай эле аз акча коротуудабыз. Мисалы Великобританияда вирус жуктуруп алган ар бир учурга 7016$, ал эми Литвада 1442$ сарпталат.

Жалпысынан, Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагына жалпы ИДПнын 6,5%ы бөлүнөт, ал кайра саналганда киши башына жылына 86 долларды түзөт.

Материал Open Contracting Partnership — ар кайсыл мамлекетттердеги коронавируска каршы күрөшүүгө байланышкан сатып алуулар жөнүндө маалымат топтогон уюму менен биргеликте даярдалды. Уюмдун маалыматтары менен төмөнкү шилтеме аркылуу кирип таанышсаңыз болот: https://open-contracting.health