Экс-премьер Абылгазиев «Кумтөргө» байланыштуу иш боюнча кармалды

Мухаммедкалый Абылгазиев

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 26-январда кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев өкмөттү жетектеп турган кезде «Кумтор Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берген токтомго кол койгон.

«Жыйынтыгында Кумтөр алтын кенинин аянты эки эсеге көбөйүп, 26,3 миң гектарга жетип калган. Ал аянтка мөңгүлөр менен корук жерлер дагы кирет», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат өкмөт алтын казуучу ишканага кошумча жер бөлүп жатканда кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болгонун белгиледи.

Ошондой эле, УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта туруп, өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында кымбат баалуу мүлк сатып алган деп эсептейт. Мындан сырткары, атайын кызмат экс-премьер көп кабаттуу үйлөрдү куруу тармагына каржы салып, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгону айтылат.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын апрель айында премьер-министр болуп дайындалган. Ал эми 2020-жылдын июнь айында ал «радиожыштыктар чуусуна» байланыштуу кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Өткөн жылдын октябрь айында Каржы полициясы Абылгазиевди чет өлкөгө чыгууга тыюу салган.

Андан сырткары 26-январда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов дагы кармалган. Анын адвокаты Икрамидин Айткуловдун айтымында, Асановго «Имараттарды жана курулмаларды басып алуу» беренеси менен айып тагылууда.