Парламентте той-маараке өткөрүүгө чектөө киргизүү маселеси кайрадан көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште кезектеги жолу ар кандай той-топур, үйлөнүү-үлпөт жана үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүнү жөнгө сала турган мыйзам долбоору сунушталды.

Мыйзам долбоорун парламент депутаты Улугбек Ормонов демилгеледи. Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоору төмөнкүдөй чектөөлөрү сунуштайт:

  • үй-бүлөлүк салтанаттарды, ырым-жырымдарды жана иш-чараларды 100дөн ашпаган адамды чакыруу жана 100дөн ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүү;
  • үлпөт той салтанаттарын 200гө чейинки адамга банкет уюштуруу менен бир күндө өткөрүү;
  • жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никелешүү салтанатын 3 төн ашык эмес жеӊил автомашинасын колдонуу менен өткөрүү;
  • «Жаназага» (көмөөрдө дуба окуу) тургандардын саны чектелбейт, бирок бодо мал жана жылкы союлбайт;
  • маркумду акыркы сапарга узатууга катышкандардын саны 100 дөн ашпайт жана бодо мал, жылкы союлбайт.

Бул иш-чаралардан сырткары, мыйзамда зыяратчыларды узатуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү да сунушталууда. Депутаттар зыяратчыларды узатуу жана тосуп алууну үй-бүлөнүн тегерегинде өткөрүүнү сунушташууда. Ал эми зыяратчылык учуру боюнча, конок тосууга кескин тыюу салынат.

Мыйзамда иш-чараларды өткөрүү убактысы боюнча да чектөө каралган. Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, үйлөнүү-үлпөт, үй-бүлөлүк жана юбилейлик салтанаттарды, анын ичинде ырым-жырымдарды дем алыш күндөрү саат 8:00дөн кечки 23:00гө чейин, ал эми иш күндөрү кечки саат 18:00дөн кечки саат 22:00гө чейин өткөрүү керек.

Мыйзамды бузуу үчүн физикалык жактарга 17 500 сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 55 миң сом айыппул салуу да каралган.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде депутат Ормонов мыйзам өлкө жарандарынын арасында «ашыкча коромжулук, шаан-шөкөт фактыларын жок кылуу, ошондой эле финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталган элдик демилгелерди колдоо» максатында иштелип чыкканын айткан.

«Айрым жарандар ысырап жана шаан-шөкөт иш-чараларын өткөрүү үчүн жана өткөргөндөн кийин каражаттарды карызга алып, төлөп бериш үчүн республиканын аймагынан тышкары акча иштеп табууга кетип жатышат», — деп эсептейт депутат.

Муну менен бирге Ормонов айрым адамдар мындай иш-чараларды «кошуна жана туугандардын сөздөрүнөн жана сыноолорунан качуунун» бирден бир мүмкүнчүлүгү катары кабыл алышат деп белгилейт.

Эл өкүлү COVID-19 пандемиясын да эскерип өтүүнү унуткан эмес. Анын пикиринде, анын мыйзамы вирус жуктуруунун жаңы учурларынын санын азайтууга дагы жардам берет.

Буга чейинки аракет

Иш-чараларды өткөрүүгө чектөө салган ушундай эле мыйзам долбоорун депутаттары буга чейин да сунушташкан.2014-жылы депутат Каныбек Осмоналиев ушундай эле демилгени көтөргөн. Анда ал үйлөнүү-үлпөт тойлоруна катышкандардын санын 200 адам менен чектөөнү сунуштаган.

Осмоналиев да бул мыйзам чыгымдарды азайтып, аталган иш-чараларды «чыныгы элдик» кылууга, андан сырткары, үй-бүлөдө жакырчылыкты азайтууга көмөк болот деп айткан болчу.

Депутаттын демилгеси ошол бойдон кабыл алынбай унутта калган. Бирок 2016-жылы той-топур жана үйлөнүү-үлпөттөрдө чектөө киргизүү демилгеси кайрадан көтөрүлгөн. Бирок анда долбоор мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге тиешелүү болгон. Мыйзамда үйлөнүү тойлорго 150дөн ашык киши чакырууга жана бештен ашык жеңил унаа пайдаланууга тыюу салуу сунушталган. Бул мыйзам долбооруда күчүнө кирбей унутта калган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Тойэкономика». Кошумча жакырчылыка алып келеби?

Кыргызстандыктар той менен тажыяга канча коротушат?