Жогорку Кеңештин депутаттары 17-майдагы кезексиз отурумунда эл өкүлү Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссиянын отчетун угуп жатат. Отурумга Министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев да келди.
Жапаров өз сөзүндө Кумтөр кенинде 14-майдан тарта мөңгүнүн коопсуздугуна жана алардын жылып турушун көзөмөлдөгөн система өчүрүлгөнүн кабарлап, учурда укук коргоо органдары бул маселени териштирип жатканын кабарлады. Ошондой эле, Жапаров кенди иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилиги акыркы эки айда өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди.
Отурумда депутаттарга «Кыргызстандын кымбат алтыны» аталышындагы даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Анда Кумтөр кениндеги иштер экологияга кандай таасир тийгизгени айтылды, айрыкча калдыктардын мөңгүлөргө төгүлүшү жана канча адам жабыркаганы баяндалды. Маалыматка ылайык, «Кумтөр Голд Компани» ишмердүүлүгүн жүргүзгөн кенде 19 адам дүйнө салып, 47 киши майып болуп калган.
Мындан сырткары 1998-жылы «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасынын оор жүк ташуучу унаасы кырсыкка кабылып, 1 740 килограмм цианид Барскоон дарыясына куюлган. Анда Ысык-Көл облусунун 2000ге чукул тургуну жабыркап, эки адам каза болгон. Ал эми 17 миңден ашуун киши медициналык жардамга кайрылган — соттук териштирүүлөр азыркы күнгө чейин уланууда.
«Адамдар гана эмес, табият дагы жабыркап жатат. Калдыктар мөңгүнүн тилин жок кылган. Мөңгүнүн бузулушунан улам болжол менен 77 млн кубометр суу жок болгон», — деп айтылат тасмада.
Аскар Акаевдин «чыккынчылыгы»
Тасма аяктары менен Акылбек Жапаров сөзүн улантып, Кумтөр кенин иштетүү укугу «Камеко» корпорациясына эч кандай конкурсу жок өткөрүлгөнүн билдирди. Жапаровдун айтымында, «өлкөнүн кызыкчылыктарына таптакыр каршы келген келишимге» 1992-жылы 3-декабрда Канаданын Торонто шаарында кол коюлган.
«Ошол күнү "адилетсиздиктин пайдубалы" түптөлгөн. "Кумтөр Голд" компаниясынын уставдык капиталынын үчтөн бир бөлүгү канадалыктарга берилип, алар бардык салыктардан, бардык милдеттүү төлөмдөрдөн курулуш иштерин жүргүзчү мезгилге эле эмес, алтынды чыгарган күндөн тартып, эсептелчү 5 жылдык мөөнөткө бошотулган. Уставдык капиталдын 67 пайызына ээ болуп, контролдук пакет колунда болсо дагы кенди башкаруу укугун кыргыз тарап канадалыктарга берип салган. 2003-жылы кендин Кыргызстандын карамагына өтүүсүнө 3-4 жыл убакыт калганда, "Кумтөр" боюнча келишим кайра түзүлөт. Реструктуризация деген келишимге парламенттин мыйзам чыгаруу жыйынынын регламенти тыюу салганына карабастан, Аскар Акаев түздөн-түз буйрук берип, ошол кездеги премьер-министр Николай Танаев кол коёт. Жыйынтыгында Кыргызстанга 33 пайыз эле үлүш тийген. “Камеко” корпорациясы 67 пайыз үлүшкө ээ болгон», — деди Жапаров.
Бирок, Жапаровдун айтымында, кыргыз бийлиги өзүнүн үлүшүнөн 17 пайыздык акцияларын арзан баада сатып жиберген. Ошондой эле, Жапаров мурдагы президенттер жана премьер-министрлер «Кумтөр Голд Компани» менен начар келишимдерди түзгөнүнө алардын «билими жетпегени» же «сабатсыз» болгону себеп болгон эмес деп белгиледи.
«Биринчи келишимге кол койдурган, “Кумтөрдүн” Кыргызстанга өтүүсү жакындаганда реструктуризацияны өткөрүү чечимин чыгарган академик Аскар Акаевдин жасап жаткан иштери Кыргызстандын кызыкчылыгына карама-каршы келээрин мамлекетке чыккынчылык кылууга барабар болоорун түшүнмөк жана билмек. Анын билими да, тажрыйбасы да ошого жетиштүү болчу», — деди Жапаров.
Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев камалышы тууралуу
Жапаров «Кумтөр Голд Компани» ишкананын зыяны тууралуу айтып чыккан көптөгөн саясатчылардын «башын жеген» деп билдирди.
«Жалган-жалаалар менен айыпталып, кесилип, түрмөдө Садыр Жапаровго, Өмүрбек Текебаевге окшоп далай кыргыздын уул-кыздары жылдап жазыксыз отурганы баарыбызга маалым», — деди Жапаров.
Президент Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөр маселеси боюнча митинг уюштуруп, Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаевди «барымтага алуу» боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал 2017-жылы 10 жылга кесилген, бирок 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашып, Жапаров толугу менен акталган.
Ал эми «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМдин мурдагы жетекчиси Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алууга күнөлүү деп табылып, 8 жылга кесилген. Ал быйыл 13-апрелде акталган.
«Сапар Исаковдун өкмөтү укуктарынан аша чапты»
Жапаров 2010-жылдан кийин «Кумтөр Голд» ишканасы үчүн «жыргал заман» болгонун билдирди. Анын айтымында, ошол учурдагы бийлик Кыргызстандын кызыкчылыгын камсыздоо үчүн бир олуттуу чара көргөн эмес.
«Сапар Исаков башкарган өкмөттүн тушунда стратегиялык макулдашуу түзүлүп, кыргыз тарап 22,5 млрд сомго берилген доолорду соттордон кайра чакырып алган [...] Бул бардыгы эмес. Өкмөт Centerra жана “Кумтөр Голд” ишканаларына каршы доо келтире турган болсо бул компаниялардын кызыкчылыктарын коргоо милдеттенмесин алган. Мамлекеттик комиссия экологиялык зыяндын ордун толтуруудан баш тарткан өкмөт өзүнө соттун функцияларын алып, ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп эсептейт», — деди Жапаров.
Кыргызстан арбитраждык соттон коркпойт
Акылбек Жапаров кыргыз тарап арбитраждык соттон коркпой турганын билдирди. Буга чейин Centerra Gold акционердик коому Кыргызстандын өкмөтүн арбитраждык сотко берерин билдирген.
«Компаниянын менежментине коркутуу жана шантаж ишке ашпайт деп билдирүү керек. Кыргызстан жана башка акционерлер өз укуктарын коргошу керек. Биз арбитраждык соттон коркпойбуз. Компания дагы кырдаал өзгөргөнүн түшүнүп жатат, ошондуктан сүйлөшүүрдү сунуштап жатат. Биз парламентке эл өкүлдөрү катары арбитраждык сотко катышууну сунуштайбыз», — деди ал.
Жапаров андан сырткары аталган мамлекеттик комиссиянын ишмердигин күзгө чейин — жаңы парламент шайланып келгенге чейин узартууну сунуштады. Себеби, бул убакыт ичинде комиссия Министрлер кабинетине «Кумтөр Голд» компаниясына салынган айыппулдарды өндүрүүгө жардам берет. Андан сырткары арбитраждык сотко даярдык көрүү керек.