Centerra Gold компаниясы Кыргызстандын өкмөтүн арбитраждык сотко берет

Канадалык Centerra Gold алтын өндүрүүчү компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык сотко кайрылат. Бул тууралуу компания 16-майда билдирди.

Centerra Gold сот аркылуу алардын туунду «Кумтөр Голд Компани» ишканасына экологиялык зыян үчүн салынган айыппулду жана салык карыздарды* өндүрүүгө тыюу салууну көздөп жатат. Ошондой эле, канадалык ишкана бийлик кен казуучу компанияларга «сырттан башкарууну киргизүү» тууралуу мыйзамдын** ишке ашыруусун токтотууну талап кылды.

*Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда алтын өндүргөн «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Кийинчерээк депутат Акылбек Жапаров Centerra Gold ачык акционердик коомунан 4,2 млрд доллардан ашуун каражат өндүрүүнү сунуштаган — эгер ишкана бул акчаларды төлөй албаса, анда анын мүлктөрү Кыргызстанга өткөрүлөт.

**Президент Садыр Жапаров 14-майда Кыргызстандагы кен казуучу компанияларга тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Эми компаниянын жетекчилиги жергиликтүү тургундардын жашоосуна, ден соолугуна жана экологияга коркунуч жаратып, бирок аларды жоюу боюнча чараларды көрбөй жатса — Министрлер кабинети компанияга сырттан башкаруу киргизе алат. Жогорку Кеңштин депутаттары бул мыйзам долбооруну 6-майда үч окууда кабыл алган.

«Жылдын башынан тарта Кыргызстандын бийлиги укмуштуу ылдамдык менен Кумтөр кенин иштетүүнүн негиздерин бузууга аракеттерди көрүп, талаштуу маселелер боюнча кызматташуудан баш тартууда. Өкмөттүн мындай аракеттери Centerra компаниясына өзүнүн мыйзамдуу укуктарын ишке ашырууга, башкача айтканда “Кумтөр Голд Компани”, Centerra жана акционерлердин кызыкчылыктарын арбитраж аркылуу гана коргоодон башка арга калган жок. Эгерде өкмөт конструктивдик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү кааласа, биз буга даярбыз», — деди Centerra Gold акционердик коомунун президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри.

Ал ошондой эле Centerra Gold компаниясы эгерде кыргыз бийлиги келишимге келбесе, анда «Кумтөр Голд Компани» тарткан бардык чыгым жана зыян үчүн арбитраждык сотто өкмөттүн жоопкерчилигин кароону өтүнөөрүн билдирди.

Мындан сырткары Centerra Gold акционердик коому Кыргызстандын күч органдары алардын топ-менежерлеринин үйлөрүнө чейин барып, Бишкектеги кеңселеринде тинтүү жүргүзгөнүнө да нааразы болушту. «Кумтөр Голд Компанинин» Бишкектеги кеңсесин УКМК жана ИИМдин кызматкерлеринен турган тергөө тобу тинтиген — алдын ала маалыматтар боюнча тергөө иш-аракеттери «Коррупция» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн.

Канадалык компания эки тарап 28 күндүн ичинде ишти карай турган арбитрди тандашы керектигин же Centerra Gold Гаагадагы Туруктуу арбитраждык сотко арбитрды дайындап берүүнү өтүнө турганын кошумчалады. Арбитраждык териштирүү 2009-жылкы инвестициялык келишим жана 2017-жылкы стратегиялык келишимге ылайык, Швециянын Стокгольм шаарында Бириккен улуттар уюмунун эл аралык соода укуктар боюнча комиссиянын эрежелери менен өтмөкчү.

Кумтөр кенин иштеткен компаниянын ишмердигин иликтеген мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, депутат Акылбек Жапаров комиссиянын буга чейинки отурумунда, Кыргызстан эл аралык сотко кайрылууга даяр экенин билдирген болчу.