Базар-Коргон: Макаренко мектебинин мугалимдери алардын укуктарын коргоону талап кылышты

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Антон Макаренко атындагы мектеп-гимназиясынын 30га жакын мугалими райондук администрациянын алдына 14-майда нааразычылык акциясына чыгышты.

Алар Базар-Коргон районунун акими Сопубек Сариевге жана президент Садыр Жапаровго кайрылып, мугалимдердин коопсуздугун жана укугун коргоп берүүнү талап кылышты.

Акцияга чыккан мугалимдер «Макаренко мектебинен колуңду тарт», «Профсоюздар, биздин укугубузду коргоп бергиле», «Мектеп мугалимдеринен колуңду тарт», «Провокатор блогерлер жоголсун», «Укук, ар-намыс, адамгерчилик үчүн» деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Аталган мектептин мугалиминин айтымында, 4-класстын окуучусунун ата-энеси блогер Кубанычбек Бакировго «мугалимдер анын баласынын оозун зордоп ачтырып, тамак беришкенин» айтып даттанган. Андан кийин ал мектепке келип, мектеп жамаатынын уруксаты жок окуучуларды видеого тартып сурай баштаган. Бирок окуя чындыгында андай болгон эмес дейт окутуучу.

«Биз болгону түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Башталгыч класстын окуучуларынын ден соолугуна мугалимдер кам көрүшү керек. Мамлекет ушул максатта аларга мектептен тамак-аш бериле тургандай кылган. Анан блогерлер соцтармактарга “Орозо айында мектептин жамааты окуучулардын орозо тутуусуна тыюу салып жатат” деп видео таратышыптыр. Анан мугалимдердин дарегине ыплас сөздөр жана пикирлер жазылган», — деди ал.

Дагы бир мугалим коопсуздугуна тынчсызданып жатканын айтып, окуучуларга орозо тутууга тыюу салынбаганын айтты. Анын айтымында, блогердин видеосунан кийин «мугалимдерди таш бараңга алабыз, капырларды өлтүрөбүз» деген пикирлер жазылган.

Ошондой эле, Макаренко мектебинин директору блогер Бакиров мектепке келип окуучулар арасында чагым кылып жатканын айтты. Мындан улам, окуучулар мектептик тартипке баш ийбей, окууга тоскоолдук жаралып жатат.

«Биздин мектепке билимсиз блогер келип атайын чыр чыгарып, укугубузду бузуп жатат. Азыр мугалимдер тынч иштей албай калды, окуучулар телефону менен пайлап эле калышты. Ата-энелерди да, балдарды бузуп жатат, “бир нерсе болсо эле мага чалгыла” дептир. Ошондон бери балдар сабакка атайлап ар түрдүү кийинип, кечигип келип, биздин сөздөрдү укпай жатышат», — деди директор.

Ошондой эле, директор мектеп мугалимдери динге каршы эместигин белгилеп, мугалимдердин арасында жоолук салынгандарда бар экенин айтат.

«Окуучулар деле оронуп келе берсин, ага каршылык же тыюу жок. Бирок капкара кийинип келбесин деп атабыз. Анткени алар капкара кийинип келип, башка балдардын да укугун тебелебеши керек. Мектептин өзүнүн талабындагындай үстүнө ак түстөгү кийим кийип келсе болот», — деп түшүндүрдү ал.

Нааразычылык акциясына келген ата-эне бул окуяга байланыштуу окуу процесси үзгүлтүккө учураганын айтып кейиди. Анын айтымында, балдар пандемияга байланыштуу онлайн окуудан кийин оффлайн билим алуусуна эч кандай тоскоолдук жаралбашы керек эле.

«Бүгүн эрте менен эки неберемди мектепке алып келсем, мугалимдер митингге чыгып жаткандыктан окуу болбойт дешти. Бирок мен буга чейин да байкап жүргөн элем, бир күнү неберелеримди алып кеткени келсем бир бала окуучуларга чуркап келип эле бир нерселери сурап, видеого тартып жүргөн болчу. Ошол кезде түшүнбөпмүн эмне болгонун, эми түшүнүп жатам», — деди ата-эне.

Кубанычбек Бакировдун версиясы

Бакиров «Азаттык» басылмасына «мен блогер эмесмин, укук коргоочумун» деп маек курган. Ал окуучулардын ата-энелеринен «мугалимдер окуучулардын орозосун мажбурлап ачтырып жатышат» деген маалымат келгенин ырастаган.

«Үч-төрт окуучудан сураганда “орозоңду ач” деп күндө мугалимдер айтарын билдиришти. Эжелерден интервью алсак, 16-18 жашка чейин орозо кармоого болбосун айтышты. Биз болгону суроо берип, интернетке чыгарганбыз. Комментарийде элдин көбү булардыкы туура эмес экенин, жаман адамдар экенин жазышты. Ошону менден көрүп жатышат», — деген Бакиров.

Райондук билим берүү башкармалыгы эмне дейт?

Базар-Коргон райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Сопубек Сариев Макаренко мектебинин мугалимдери Кубанычбек Бакиров аттуу адамдан коргоону суранып, митингге чыгышканын айтат.

Мындан сырткары, Сариев Бакиров буга чейин да аталган мектепке коронавируска байланыштуу чектөөлөргө карабастан мектепке кирүүгө аракет кылганын, кыздардын жоолук маселеси боюнча негизсиз айыптоолорду айтканын белгилеген. Мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин алар тарап, иштерин уланткан.

«Бакиров бир нече жолу келип, мугалимдерди коркутуп, “Окуучуларды мектепке киргизбей, орозо карматпай жатыпсыңар” деген доомат коюп жазгандан кийин адамдар “мугалимдер жаман, аларды ташбараңга алыш керек, атып салыш керек” дегенге чейин барышкан. Ошондуктан бүгүн мугалимдер укугу тебеленип жатканын айтып, өз укугун коргоп чыгышты», — деген Сариев.

Милиция «Майда бейбаштык» беренеси менен иш козгоду

Макаренко мектебинин мугалимдери 21-апрелде Базар-Коргон райондук прокуратурасына арыз менен кайрылышкан. Анда алар блогер Кубанычбек Бакировдун аракеттерине юридикалык баа берилишин суранышкан.

Жалал-Абад ОИИБдин «Клоопко» берген маалыматына алыйык, Бакиров мектеп директоруна кирүүгө аракет кылган, бирок ал мугалимдер тарабынан директорго киргизилген эмес. Андан кийин Бакиров окуучулардан «хиджап жана орозо маселеси боюнча» сурап, интернетке «мектептин сабатсыз мугалимдери тоскоолдук кылууда» деп видео таратканын айтышкан.

Арыздын негизинде Базар-Коргон РИИБи «Майда бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин ачып, териштирүү иштери башталган. Ошондой эле, окуяга тиешелүү тургундар суралып, тергөө уланууда.

Кара-Суудагы жоолук чыры

Кыргызстанда окуучулардын жоолугуна байланыштуу түшүнбөстүктөр биринчи эле жолу чыккан жок.

Буга чейин 26-апрелде Кара-Суу шаарындагы №66 Ленин мектебинде жоолукчан кыздардын укуктары бузулуп жатканы тууралуу тасма тараган. Анда укук коргоочу Кубаныч Бакиров мектепке жоолугун чечип кирген кызды көрүп, мектеп имаратында турган милиционерлерге «кыздын укугун коргошуңар керек болчу» деп даттанган.

Аталган тасма тарагандан кийин социалдык тармактын колдонуучулары мындай кырдаалда окуучу кыздар стресске кабылып жатканын билдирип нааразы болушкан.

Ал эми мектеп директору Буажар Калбаева окуучуларга ак түстөгү жоолук салынууга уруксат бар экенин айтып, жоолук салынган окуучуларды мектепке киргизбей жатат деген маалыматты төгүндөгөн.

Кийинчерек «Т-Медиа» басылмасы тасмада жоолугун чечип мектепке кирген кыздан интервью алган. Анда окуучу жоолугун өз каалоосу менен чечип, мектептин уставына баш ийип келгенин белгилеген.

Тема боюнча:

Кара-Суу: Жоолук чырын милиция эмес, министрлик териштирмей болду