Кыргыз-тажик чек арасы: эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулду

Баткен облусу. Сүрөт: Нуризат Мирланбек кызы / Kloop.kg

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Ак-Сай жана Ворух айылдарында кармалган эки тараптын үчтөн тургундары бошотулуп, өз өлкөлөрүнө коё берилди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 17-майда орун алган. Алгач Тажикстандын үч жаранын чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай айылынын тургундары кармап алышкан. Кийинчерек аларды Кыргызстандын аймагында жүргөнүнүн себебин тактоо үчүн милицияга өткөрүп беришкен.

Андан соң тажик тарап Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргызстандыкты кармашканы белгилүү болгон. Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облустарынын башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушкандан кийин кармалгандар бошотулду.

«Алдын ала маалыматтарга ылайык, тажик жарандары кармап алган кыргызстандыктардын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлдү», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан бул боюнча маалымат такталып жатканын билдирип, кошумча маалымат берилерин убада кылышты.

Буга чейин Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди тажикстандыктар 30-апрелде барымтага алышкан. Жумабаев аймакка жакын жерде эки кыргызстандык каза болгонун тактоо максатында аталган айылдын «Жилой дом» участкасына барганда «туткунга алынган».

Жумабаев 1-майда ага чейин кармалган жергиликтүү тогуз тургун менен кошо бошотулган.

Тема боюнча:

Баткен: Барымтага алынган Интернационал айылынын башчысы бошотулду