Баткен: Барымтага алынган Интернационал айылынын башчысы бошотулду

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда тажикстандыктар тарабынан барымтага алынган Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев жана жергиликтүү тогуз тургун бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алар 1-майда кечки саат 20:00дөр чамасында барымтадан чыгышкан. Алар ушул тапта Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүп жатышат.

Айыл башчысын барымтага алуу

Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди тажикстандыктар 30-апрелде барымтага алышкан.

Жумабаев аймакка жакын жерде эки кыргызстандык каза болгонун тактоо максатында аталган айылдын «Жилой дом» участкасында барганда «туткунга алынган». Аталган факты «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси менен катталып, териштирүү иштери башталган.

Ал ортодо Sputnik Тажикстан Исфара акимиатындагы жеке булагына таянуу менен бул маалыматты төгүнгө чыгарган болчу.

«Баткен облусунун Борбордук айылынын башчысы барымтага алынган эмес», — деп билдирган басылма.

Чек арадагы чыр-чатак

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы «чырдын ырбап кетишине кыргыз жарандары себеп болгонун» билдирди. Алардын версиясы боюнча, чырды Баткен облусунун акими Акылбек Орозов баштаган. Ал «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын ташып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатканын» айтышкан.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн министрлери 29-апрелде саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган жерлерине алып кетүүнү макулдашышкан. Бирок буга карабастан, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 30-апрелде Лейлек районунда ок атышуу уланганын билдирген.

УКМКнын Чек ара кызматы 1-майда саат 18:15ге карата кыргыз-тажик чек арасында жалпысынан кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин маалымдаган.

Ошондой эле Чек ара кызматы Ош — Баткен — Исфана жолунун Жака-Өрүк тилкеси ачылганын кабарлаган.

1-май күнү кечке маал Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов Баткенде жолугушуп, ок атууларды токтотуу жана аскерлерди алып чыгып кетүү боюнча протокол кабыл алышкан.

Ташиевдин айтымында, ушул убакта жолугушуп сүйлөшүү эки өлкө үчүн оор болгон. Ал кабыл алынган чечимдер иш жүзүнө ашырыларына үмүтү чоң экенин белгилеген.

Саламаттык сактоо министрлигинин 1-майда саат 18:30га берген маалыматына ылайык, 173 киши жарадар болуп, анын 34ү каза болгон. Жарадар болгондордун 131и катардагы жарандар болсо, 31 киши күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Калгандарынын маалыматтары такталып жатат.

Тема боюнча:

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан каза тапкандардын аты-жөнү

Эки өлкөнүн УКМК башчылары ок атууларды токтотуу боюнча протокол кабыл алды