Ош: Индиялык студенттин өлүмү иликтенет

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан 26 жаштагы индиялык студент каза болгонун маалымдашты. Ага ылайык, окуя 15-майда орун алган.

Милицияга маркум тууралуу маалымат Ош облустук ооруканасынан келип түшкөн. Тергөө тобу жерине барып анын денесине кароо жүргүзгөн учурда зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Аталган факты КЖБРге «Патологиялык өлүм» болуп катталды. Милициядан экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилерин убада кылышты.

«Турмуш» басылмасы жеке булактарына таянып студент «жүрөк-кан тамыр жетишсиздигинен, жүрөктүн коронардык оорусунан улам каза болгонун» маалымдады. Маркум Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 6-курсунун студенти болгон.

«Индияда жашаган сүйгөн кызы оорудан улам өлгөнүн уккандан кийин стресске түшүп, өзүнө келбей жүрүп каза болгон», — деп жазат аталган басылма.

Буга чейин өткөн жылдын 29-майында Ош шарындагы Ак-Буура дарыясынан 23 жаштагы индиялык студенттин сөөгү табылган. Маркумдун достору милицияга, ал сууга агып кеткенге чейин спирт ичимдигин ичкенин билдиришкен. Ал Ош мамлекеттик университетинин медицина фальтетинин 3-курсунун студенти болгон.