Ошто Ак-Буура дарыясынан индиялык студенттин жансыз денеси табылды

Сүрөт: «Турмуш басылмасы»

Ош ШИИБиден 29-май күнү Ак-Буура дарыясынан 23 жаштагы индиялык студенттин жансыз денеси табылганын билдиришти. Ал Ош мамлекеттик университетинин медицина фальтетинин 3-курсунда окуп жаткан.

Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, окуя тууралуу милицияга анын достору кабарлаган.

«Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси бүгүн эрте менен саат 9дар чамасында табылды. Бул боюнча учурда тиешелүү экспертиза дайындалды», — деди Сыдыков.

Сыдыков маркумдун досторунун көрсөтмөмүнө таянып, ал сууга агып кеткенге чейин алкоголь ичкенин белгиледи.

Ош мамлекеттик университетинде эки миңден ашуун чет өлкөлүк студент окуйт, көпчүлүгү медициналык багытта билим алышат.