COVID-19. Сутка ичинде 308 адамдан вирус аныкталып, 8 бейтап көз жумду

Республикалык штаб билдиргендей, акыркы сутка ичинде Кыргызстанда коронавируска чалдыккан сегиз жаран өмүрү менен кош айтышты. Алардын алтоо Бишкек шаарында, бирөө Нарын, дагы бири Ысык-Көл облусунда катталган.

Ведомствонун маалыматына таянсак, пандемия башталгандан бери Кыргызстан боюнча коронавирус жуктурган 1743 адам көз жумган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, сутка ичинде 308 адамдан COVID-19 аныкталган. Эң көп учур борбор калаада.

  • Бишкек — 164;
  • Чүй облусу — 76;
  • Ысык-Көл облусу — 19;
  • Жалал-Абад облусу — 13;
  • Ош — 12;
  • Ош облусу — 11;
  • Талас облусу — 5;
  • Нарын облусу — 4;
  • Баткен облусу — 4.

Министрликтин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктуруунун 102 186 учуру катталган.

Штабдан билдиришкендей, сутка ичинде 332 бейтап айыгып чыккан. Жалпы өлкө боюнча, падемия башталгандан бери 95 446 адам коронавирус илдетинен жана пневмониядан айыккан.

Сутка ичинде медиктер арасында COVID-19 жуктуруунун алты учуру катталды. Пандемия башталганы 4 584 медицина кызматкери вирус жуктуруп, алардын ичинен болгону 4521 адам айыккан.

Ошондой эле, штабдан кабарлашкандай, 22-майга карата Кыргызстанда COVID-19 дартынан 1 521 адам ооруканада дарыланып жатат, алардын ичинен 73 бейтаптын абал өтө оор. Андан тышкары, дагы 2 449 адам амбулатордук дарыланууда.