Маданият министрлиги «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбооруна каршы чыкты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Ильязбек Балташев Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында ведомство «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбооруна каршы чыгып жатканын билдирди.

Балташев министрлик мыйзам долбоорун карап чыккандан кийин, президенттин каршы оюн эске алып, учурда аны ишке ашыруу мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келгенин түшүндүрдү.

Аткаминер кошумчалагандай, буга чейин коомчулук аталган мыйзам долбооруна каршы чыккан, себеби ал укукту жана эркиндикти чектөөгө багытталган.

«Интернет айдыңынын өзгөчөлүгүн эске алуу керек. Бул жалган жана такталбаган маалыматтарды жөнгө салууну абдан татаалдатат. Маалыматты мониторинг кылууну чогуу жүргүзүү үчүн адискөй кадрларды тартып, заманбап жабдыктарды алуу керек болот», — деп түшүндүрдү Балташев.

Аны менен катар, маданият министринин орун басары долбоорду ишке ашырууга жабдуулар жана адистер жок экенин кошумчалады. Өлкө бюджетинде да буга каражат жок.

«Андыктан, бүгүнкү күндө бул демилгени ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жок деп эсептейбиз», — деп жыйынтыктаган ал.

Мындан тышкары, депутат Дастан Бекешев дагы кезектеги жолу мыйзам долбооруна каршы чыкты.

«Келгиле андан көрө аны кандай болсо ошондой калтырып, мыйзам долбоорунан жумуш орундарын түзбөй туруп баш тарталык», — деп сунуштады депутат.

Буга долбоордун демилгечиси Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоорунун тагдырын жакында эле түзүлгөн документти макулдашуу боюнча топ чечет деп жооп берди.

Бекешев аны да бул топко кошууну суранды, бирок Асылбаева ал мүмкүн эместигин айтты.«Курамына ким кирип-кирбесин силер чечпейсиңер. Аны парламент чечет. Ал жакка кирсем эч нерсе болуп кетпейт», — деп жооп кайтарды Бекешев.

Чуулуу мыйзам долбоору

«Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Гүшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Бирок көбүнчө Асылбаевага тиешелүү деп элге сиңип калган, себеби ал мыйзам долбоорун коргоп, сын айткан колдонуучуларды «фейктер жана троллдор» деп атаган.

Осмонова менен Асылбаева интернетте жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, андан тышкары, провайдерлерди колдонуучулар тууралуу маалыматты сактоого милдеттендирүүнү сунуштаган.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу орган жалган деп эсептеген маалыматка чектөө коё алат деп көрсөтүлгөн. Бирок Кыргызстандын учурдагы мыйзамына ылайык, мындай чечимди бир гана сот чыгара алат.

Ошол эле учурда аталган мыйзам долбоору Орусияда кабыл алынган ушундай эле мыйзам менен 64%га дал келет. Ал эми айрым беренелер эч өзгөртүүсүз көчүрүлгөн.

Мыйзамдын долбоору кескин сынга алынып, юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун «одоно» бузаарын жана интернетте мамлекеттик цензура орнотоорун белгилешкен.

Коомчулуктун каршылыгына карабастан, парламенттин депутаттары мыйзам долбоорун жактырып, президент Сооронбай Жээнбековго кол коюу үчүн жөнөткөн. Бирок Жээнбеков мыйзамды кабыл албай, каршы пикирин билдирген.

Андан соң бийлик алмашып, саясий кризис башталгандан кийин бул мыйзам долбоору унутта калган, бирок жакынкда эле, 31-майда депутаттар аны кайрадан талкууга кайтарууну чечишип, ал тургай макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ дагы түзүшкөн.