Президенттин атын жамынып млн доллардан ашык акча опузалагандар кармалды — УКМК

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук комитети 1,2 миллион доллар опузалаган шылуундар колго тушкөнүн кабарлады. Ведомствонун маалыматына ылайык, кармалган адамдар президент Садыр Жапаровдун агасы менен байланышы бар экенин айтып, анын атын жамынышкан.

«Такталгандай, «А.М.Б.» жана «Б.У.М.», президент Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун атын жамынып алып, алдамчылык жол менен жана адамдардын ишенимине кирип алып, калктын керектөөчү товарлары бар контейнерлерди экспорттоо маселесин чечүү үчүн, өзгөчө ири суммадагы 1 250 000 АКШ доллар өлчөмүндөгү Казакстандын аймагында жайгашкан "M.T.A." аттуу жарандын каражатын ээлеп алууга аракет кылганы аныкталды», — деп билдирет ведомство.

«Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду, ал эми аты аталган «А.М.Б» ТИЗОго киргизилди.

Ал эми президенттин администрациясы дароо билдирүү жасады.

«Президенттин атын пайдалануу менен жеке маселелерин чечүү максатында кайрылган же кысым көрсөткөн учурлар болсо, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз», — деп билдирди Жапаровдун басма сөз кызматы. Президенттин администрациясы Садыр Жапаров буга чейин эле анын атын жамынып жеке кызыкчылыгын көздөгөндөрдү, керек болсо алар анын туугандары болсо дагы токтоосуз кармалышы керектигин билдирген деп белгиледи.

Буга чейин дагы опузалоого шектелип президенттин айланасындагы адамдар кармалган. Мисалы, 9-январда 250 миң доллар опузалоого шектелген Мелис Аспеков менен Улан Жураев кармалганы белгилүү болгон. Алар Жапаровдун тарапташы катары таанылышкан, ал эми Аспеков Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп жатканын билдирген болчу — ал эми саясатчынын штабы бул маалыматты четке каккан.

Ал эми 30-январда президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган — ал дагы опузалоого айыпталган. УКМКнын маалыматына ылайык, Анаркулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык жактан баюу үчүн мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлердин биринен маселесин оң жагына чечип берүү үчүн ири суммадагы каражат талап кылган. Бул окуядан кийин ал ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна теле алып баруучу Нуркамал Асканова келген.